Кочкор районунун жаштары иликтөөчү- журналист Улан Эгизбаевдин атынан коомдук бирикме негиздеп, бир катар иш-чараларды уюштуруп келишет. Андан тышкары, журналистке арнап тасма да тартууга жетишишкен. Учурда бирикмени Дастан Алтынбек уулу жетектейт.
-Саламатсызбы? Алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз.
-Саламатчылык. Аты жөнүм Дастан Алтынбек уулу. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар айылынан болом. Учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында окуйм. «Улан Эгизбаев» атындагы коомдук жаштар бирикмесинин негиздөөчүсү болом.
-«Улан Эгизбаев» атындагы коомдук жаштар бирикмесин түзүп чыгууңуздарга эмне себеп болду?
-Негизи Улан Эгизбаев агабыздын көзү тирүүсүндө биргеликте бирикме ачып, жаштар менен иштешип, ар тармактуу иш алып барып, мекенибизге өз салымыбызды кошсок деген жакшы ниеттерибиз бар болчу. Тилекке каршы, Улан агабыз бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Улан агабыздын элибиз үчүн күйүп жасаган эмгектерин унутта калтырбоо максатында «Улан Эгизбаев» атындагы коомдук жаштар бирикмесин түзүп чыктык. Бирикме 2019-жылы 25-ноябрында негизделген. Командабыз менен коомубуздагы бир катар көйгөйлүү маселелерди чечкенге, тамырлап кеткен жемкорлукту, заманыбыздагы акыйкатсыздыкты тамыры менен жок кылууга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.
-Бирикме түзүлгөндөн баштап, эки жыл аралыгында кандай көрүнүктүү иштерди жасадыңыздар?
-Биздин бирикме ар тараптуу иш алып барууну көздөйт. Мисалга алсам, маданият, спорт, билим берүү, бизнес, медиа жана дагы башка багыттар. Буга чейин 25-ноябрда бирикменин ачылышынын негизинен улам Улан Эгизбаевди эскерүү кечеси өткөрүлгөн. Былтыркы жылы Улан Эгизбаев агабызды эскерип, 21-февраль “Эл аралык эне тил күнүнө” карата интеллектуалдык иш чара өткөрдүк. Ал эми 5-март “Ак калпак” күнүнө карата борбор калаабыздын “Ала-Тоо” аянтында жөө жүрүш уюштурганбыз. Быйылкы жылы февраль айында Улан агабызга арнап, командабыз менен биргеликте кыска метраждуу «Чындык деп жанган өмүр « аттуу тасма тарттык. Ошол эле учурда дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемия маалында элибизге кайдыгер карабай, колубуздун келишинче кайрымдуулук иштерин жасадык. Командабыз менен ыктыярчы болуп иштедик.
-Улан Эгизбаевге арналган тасма тууралуу кененирээк айта кетсеңиз…
-Кыска метраждуу кино Улан агабыздын үй-бүлөсүнүн уруксаты менен тартылган. Командабыз менен биргеликте 3-4 күндүн аралыгында эле тартканбыз. Кинодо роль жараткан актер, актрисалардын бардыгы өзүбүздүн команданын мүчөлөрү. Эч кандай актерлорду жалдап чакырган эмеспиз.
-Учурда бирикмеде канча адам эмгектенет? Бирикмеге жаштар канча жаштан баштап кошула алышат?
Бирикмеде азыркы тапта расмий түрдө катталган жүзгө жакын улан-кыздар бар. Негизи эле бирикмеге кошулабыз деген жаштарыбыз абдан көп. Учурда пандемияга байланыштуу кабыл алууну жүргүзгөн жокпуз. Ушул убакка чейин маал-маалы менен ЖОЖдорго ректорлор менен сүйлөшүп, ар кандай иш-чараларды, конкурстарды өткөрүп жаттык. Ошол жакта активдүү катышкан жаштарды командабызга кошуп алып жаттык. Көбүн эсе командабызда 10-11-класстын окуучулары жана студенттер.
—Кандай гана иш-чара өткөрүлбөсүн, көпчүлүк нерсе каржы маселесине барып такалат эмеспи. Бирикмени финансылык жактан ким каржылайт?
-Ушул мезгилге чейин каржы маселесин өзүбүз эле чечип келе жатабыз.
-Маегиңиз үчүн рахмат!
Уланбек Эгизбаевге арналган кыска метраждуу «Чындык деп жанган өмүр» аттуу тасманы төмөндө көрүңүз:
Эске салсак, журналист Уланбек Эгизбаев «Азаттык радиосунда» эмгектенген. Ал 2018-жылдын 22-июль күнү 28 жаш курагында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көз жумган.
Перизат Таштанова