Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинде 44 мугалим эмгектенип, 600 дөн ашуун окуучу билим алат. Пандемияга карата 39 мугалим эмдөөдөн өткөн болсо, калганы ден- соолугуна, кош бойлуулугуна жана бала эмизүүсүнө байланыштуу вакцина алыша элек.
Казыбек Асылбеков- мектеп директору
Жаңы окуу жылына карата мектепке окуучуларды кабыл алуу боюнча Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинин директору Казыбек Асылбеков төмөнкүлөргө токтолду:
“Быйылкы 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрдан башталып, 9-июнь күнү аяктайт. Мектепте окуу жылына даярдык жакшы. Бир канча алгылыктуу иштер кубандырбай койбойт. Азыркы учурда КР Финансылык министрлигинин түрткү берүүчү грантынын эсебинен колдоого алынган “Мектептин эшик, терезелерин алмаштыруу” долбоору менен мектептин терезелери алмаштырылып башталды. Эски жыгач терезелердин ордуна пластикалык терезелер салынат.
Мектеп 2019 — жылдан бери “Туруктуу мектептерди глобалдык издөө”(Глобальный поиск устойчивых школ) долбоорунун алкагында иш алып барып келет. Экодолбоордун негизинде мектептин айланасында экологиялык аянтчалар, дендропарк, этнопарк курулууда. Окуучулардын таза абада китеп окуусуна, сабактардын өтүлүшүнө ылайыкташкан атайын отургучтар орнотулду. Ар бир кабинеттерге экологиялык жактан таза жыгачтан жасалган гүл койгучтар жасалды. Мектептин капиталдык ремонту аяктап, жаңы окуу жылына даяр болду.
Даярдоо тайпасына эки класс кабыл алынат. Быйылкы жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу окуучуларды даярдоо тайпасына кабыл алуу жана класстарга бөлүү ата-энелердин катышуусунда электрондук тартипте жүргүзүлөт. Мында алфавиттик тартиптин сакталуусу менен жана Казан-Куйган, Оттук айылынан окуучулардын теңдиги жана гендердик теңчилиги эске алынуусу да каралат.
Бурул Мамытова- бала бакчанын директору
Мугалимдер толугу менен окууга даяр. Август конференциясына жана секциялык иштерге даярдыктарды көрүшүүдө. Айрым мугалимдер атайын курстардан өтүп, тажрыйба топтошууда.
Буюрса жаңы окуу жылын ийгиликтүү баштап алабыз деген ниеттебиз!”
Ал эми бала бакчаларда жаш тарбиялануучуларды кабыл алуу кандай ирээтте өтөт, бул тууралуу Оттук айылынын “Садык-Ата” балдар бакчасынын директору Бурул Мамытова төмөндөгүдөй билдирди:
“Окуу жылы 16 -сентябрдан башталгандыгына байланыштуу 30-августтан баштап бала каттоо башталат. 16 –сентябрга карата балдарды ата-энелер медициналык кароодон өткөрүп даярдоосу зарыл. Азыркы учурда балдардын коопсуздугун алдын- алуу үчүн, бала бакчанын асты жергиликтүү кеңештин депуттарынын демөөрчүлүгү менен цементтелди.
2021- жылдын жергиликтүү бюджетинен 70 000 сом акча каражаты бөлүнүп, бала бакчанын батыш тарабындагы тосмо тосулду. Бул иштерди жасоодо бала бакчанын кызматкерлери чоң салым кошушту. Алдыда балдар үчүн атайын оюн аянчасына дагы кошумча ойноочу жайлар курулмакчы.
Дезинфекциялоочу каражаттар берилди
Жаңы окуу жылынын башталышына карата бала бакчага “Ага-Хан” фонду тарабынан балдардын ден- соолугун камсыздоо максатында дезинфекциялоочу каражаттар берилди. Эске сала кетсек, мындай каражаттар фонд тарабынан май, апрель айларында да келген.
Бала бакчага тиешелүү жер аянтчасына айдалган чөптү сатуудан түшкөн каражатка жумушчуларга керектүү болгон шаймандар алынганы техникалык кызматкерлердин жумушун жеңилдетти»,-дейт бала бакчанын жетекчиси.
Бала бакчанын балдар бөлмөлөрүн жасалгалоо үчүн эмгек жамааты 30 000 сомго демөөрчү болду
Тема боюнча окуңуз:
Элдин үнү: Пандемия шартында балдардын окууга даярдыгы
Акылай Алмазбекова