Бардык нерсе ойдон башталарын айткан Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, академик, нейрохирург Миталип Мамытов ковид-19 мээге кандай таасир эткенин айтып берди.
Ковид оорусу бүт дүйнөгө тарап, бардык өлкөлөр бул оору менен жабыркап келе жатышат. Канчалык күчкө салып күрөшкөнүбүзгө карабастан бул көзгө көрүнбөгөн душманды жок кылуу кыйын болуп жатат. Көп оорулар сыяктуу эле коронавирус инфекциясы биринчи мертебе мээге таасирин берет. Алгач эле нерв системасы жабыркайт. Ал аркылуу башка органдар, калган системаларга кошулуп кетет. Бул бир гана медицина тармагын эмес эмономикага жана башка системалардын иштерин токтотуп же алсыратып койду. Ковидден көптөгөн адамдардан айрылып калдык.
Ковид вирусу биринчи эле мурун аркылуу, дем алуу аркылуу кетет. Мындан тамакка барат. Мурундун эң сезимтал нерви бар ошого тиет да ал аркылуу мээге барат. Андан кийин дем алуу органдары болгон өпкөгө жана башка органдарга тарайт. Жыт, даам сезбей калгандын себеби ушундан.
Кишини ой жейт…
Мен ооруп калдым деп ойлой берүү стресске алып келет же жаман кабар, турмуштагы кыйынчылыктар стресске туш кылат. Коронавирус дагы стресске алып келет. Ооруп калбайын деген коркуу, кокустан илдет жугуп калса эмне болот деген ой. Негизи адамды ой жейт. Стрессте адамдын жүрүм-туруму бузулат. Уйку качат, табит жоголот, коркуу пайда болот. Иш кылгысы келбей калат. Мындай учурда өзүн алаксытып, жеңил кабыл алып, башка иштер менен алектенген жакшы. Эгер ага дагы болбой коркуу сезими уланып жатса анда атайын адистерге кайрылуу керек. Ошондой эле жакшы ишеним менен жүрүү жакшы.
Эс тутумдун жакшы болушуна эмнелер таасир берет? Кантип жакшыртса болот?
Эс тутумдун бузулуусунун көп себептери бар. Эс тутумду жоготуп алып кайра калыбына келтирүү деле оңой нерсе эмес. Бирок, аракет аркылуу буга жетсе болот. Эс тутумду толук түрдө жакшыртуучу, калыба келтирүүчү атайын дары дагы жок. Албетте ага жардам берүүчү дары-дармектер бар. Бирок баары бир адам өзү жардам берүүсү керек. Атайын көнүгүүлөрдү жасап, эмгектенип жатып эс тутумду жакшыртса болот.
Мээнин ден-сак болуусу үчүн, узак жашоосу үчүн эмне кылуу керек?
Дени сак болуу үчүн эң негизгиси кыймыл керек. Өзүм дагы саламаттык сактоо министри болуп иштегем адамдардын саламатта болуусу үчүн саламаттык сактоо министрлигинин жасаган жумушу болгону 10-15% эле болот. 85-90% адамдын өзүнөн көз каранды. Өзүн-өзү караш керек, өзүн-өзү кармай билиш керек. Ага жетүү үчүн кыймылда болуп аракет кылуу манилүү. Ошондой эле туура тамактануу, өз убагында эс алуу жана эмгек керек. Орустардын: “Дени сак дене дени сак акыл”-деген сөзү бар, мен муну тескерисинче айтмакмын дени сак акыл болгондо гана дени сак дене болот деп. Ден солуктун чың болуусу ар тараптуу. Бир эле нерсе менен аны оңоп кетиш кыйын. Эң негизгиси туура ой, таза жүрөк, таза сөз болгондо денибиз сак болот.
Иммунитетти кантип бекемдөө керек?
Ковидден кийин ден-соолукту кантип калыбына келтирсе болот?
Айгерим Кубатбекова