Ковид-19 илдети өлкөнүн экономика, билим берүү системасына, туризмге жана маданият тармагына да өтө чоң таасирин тийгизди. Пандемияда маданий иш-чараларды өткөрүүдө бир кыйла кыйынчылыктар жаралууда, себеби, пандемиянын шарттарына ылайык маданият кызматкерлеринде чоң жоопкерчилик пайда болду.
Мисалы, кандайдыр бир иш-чара өткөрүү үчүн алгач маданият үйүн дезинфекциялоодон өткөрүп, иш-чара саналуу гана адамдардын катышуусунда өтүүсү керек. Муну менен катар ар бир адамда маска болуусун талап кылуу менен аралыкты да сактоого көңүл бурушууда.
Нарынкүл Чебулдиева- маданият кызматкери
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы Айтбек Муканбетов атындагы маданият үйүнүн уюштуруучусу Нарынкүл Чебулдиева пандемияда кандай иш алып барып жатышкандыгы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
“Бизди кооптондурган Ковид-19 вирустук инфекциясы адам өмүрүнө, өлкөнүн экономикасына, билим берүү системасына чоң терс таасирин тийгизүү менен маданият тармагына да залакасын тийгизип келе жатат.
Пандемия башталгандан тартып маданият кызматкерлери медициналык кызматкерлер менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Алгач айыл элине коопсуздук эрежелерди туура сактоо боюнча видеороликтерди тартып, плакаттарды ватсап группаларга жөнөтүп жаттык.
Айыл эли үчүн активист кыз-келиндер менен биргеликте талапка ылайык 2500 маска тигип, айыл тургундарына бекер таратып бердик.
“Маданият жан дүйнөнүн азыгы” деп бекер айтылбаса керек, биз айыл элинин маанайын көтөрүү максатында, аз да болсо дем күч берип туралы деген ниетибиз менен карантинде өнөрпоз адамдардын чыгармаларын чыгарып, ватсап группалардан жөнөтүп турдук. Балдардын каалоо -тилектерин да орундаталы деген үмүтүбүз менен куурчак театрын уюштуруп, кыргыз, орус эл жомокторун тартып жиберип жаттык.
Жаңы жылдан тартып пандемиянын шарттарын туура аткаруу менен “Нооруз”майрамына , “Улуу Жеңиш күнүнө”, “Балдарды коргоо күнүнө” карата чакан иш-чараларды уюштурууга жетише алдык.
Азыркы убакта республикабыз өз алдынча мамлекет болуп түптөлгөнүнө 30 жыл толуп турат. Ушул 30 жыл аралыгында мамлекетибиз бир кыйла кыйынчылыктарды басып өттү. 30 жыл ичинде маданият тармагында да бир топ өзгөрүүлөр болду. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата биз масштабдуу иш-чара өткөрүүгө даярдык көрүп жаткан учурубуз. Албетте, пандемиянын бардык шарттарын аткарууга күчүбүздү жумшайбыз.”
Акылай Алмазбекова