Жыл сайын окуучулар арасында предметтик олимпиада өткөрүлүп турат. Алгач олимпиаданын райондук туру болуп, I,II орунду ээлегендер облустук турга жолдомо алышат. Ал эми облустук турдан I орунду камсыз кылгандар республикалык турга аттанышып, күчтөрүн сынашат. Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айсулуу Уланбекова предметтик олимпиаданын республикалык турунун жеңүүчүсү аталган.

Айсулуу Уланбекова мектеп директору Казыбек Асылбеков менен
Айсулуу Уланбекова Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектепте билим алып, 2021-жылдын май айында 11-классты аяктаган. Олимпиадага ал орус тили жана адабияты сабагынан катышып, байгелүү орундарга ээ болгон.
Айсулуу Уланбекова 5-классынан баштап эле даярдык көрө баштаган, себеби, орус тили мугалими Алсеитова Айгүл Илиясовна анын орус тилге болгон шык жөндөмүн байкап, кошумча тапшырмаларды бере баштайт. Ал бош убактысында орус тилдүү китептерди окуу менен, олимпиада болгон кызыгуусу күч ала баштаган. 9-классынан баштап олимпиаданын райондук, облустук турларына катышууга жолдомо ала баштайт. 2020-2021-окуу жылында Айсулуу Уланбекова предметтик олимпиаданын республикалык туруна чейин чыгып, жеңүүчү аталган.

Айсулууну олимпиадага даярдап келген мугалими Алсеитова Айгүл Илиясовнага ыраазычылык кат тапшыруу учуру
«Мен кичине кезимден эле орус тилдүү китептерди аябай жакшы көрчүмүн. Кийин окуганды үйрөнүп, китептерди көп окуй баштадым. 5-классымда орус тилден сабак берген Айгүл эжейибиз мага каникулда «Кыргызские народные сказки» жана А.С.Пушкиндин ырлар жыйнагын берип окуп келчи деп берди эле… Ошондон улам орус тилди мурдагыдан дагы жакшы көрө баштагам. Олимпиадага катышуума да ушул себеп болду десем болот.
Олимпиада окуучуларга жол ачат! Мисалы менин кесип тандоом, олимпиадага байланыштуу болду. Себеби, мен ата-энем менен бирге медициналык академияга тапшырам деп чечкенбиз. Бирок, Айгүл эжебиздин айткан сөзү эсимде: «Кесипти өз каалооңор менен, жүрөгүңөр менен тандагыла жана ушул жумуш колумдан келеби деген суроо койгула!». Мен ойлонуп эмне үчүн колумдан келбейт, мен орус тилин аябай жакшы өздөштүрүп калдым, мындан ары да өнүктүрүп кете алам деген ой менен Орус-Славян университетинин филология факультетине тапшырып калгам.»
Акбермет Руслан кызы