Акыркы учурда баалардын кымбатташы элдин жашоосуна терс таасирин тийгизип жаткан учуру. Баалар күйүүчү майдан баштап азык-түлүктүн бардык түрүнө, оокаттарга кымбаттап кетти. Ал эми ишкерлик менен алектенгендерге баанын кымбатташы кандай таасирин тийгизип жатканы жөнүндө маалымат алдык.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы нан азыктарын өндүрүп чыгарып ишкерлик кылган айым Гүлнара Семетееванын айтымында ундун баасы 2000 сомго жеткенин айтты.
Ун менен кошо кумшекер, май дагы кымбаттады
«Ундун баасы кымбаттап жатса дагы азырынча нанга болгон бааны көтөргөн жокпуз, себеби, эл кыйналып жатат, аны биз баарыбыз билебиз. Ун менен кошо азыр кумшекер, зыгыр май жана башкалардын бардыгы кымбаттап, ишкерликке терс таасирин тийгизип жаткан учуру. Анын үстүнө азыр сезон эмес болгондуктан дагы биз ар иш солгундай түштү. Бирок кайра күн жылып баштаса жакшы болот деген ойдомун. А бирок баалар кымбаттагандан бери карапайым элге кыйын эле болду.»
Ун кымбаттаса дагы нандын баасын көтөргөн жокпуз
Ал эми аталган айылда соода менен ишкерлик кылган Перизат Рашит кызы баалар күн сайын кымбаттап жатканын айтты:
«Азыр бизде баалар токтобой жатат. Күн сайын кымбаттап келип жатат. Бизге келген идиш-аяктарга, өзгөчө темир идиштерге жума сайын кошулуп жатат. Ал эми азык-түлүктөргө болгон баа дагы кымбаттаган боюнча. Соода болсо акырындан жүрө берет экен, бирок элге кыйын болуп жатат. Себеби кээ бир күнүмдүк колдонуучу азык-түлүктөр эки эсеге кымбаттап кетти.»
Ача-Кайыңдыда генетикалык ресурстарды коргоо боюнча пландар түзүлдү
Асел Уркунбаева