Акыркы күндөрү өлкө боюнча Ковид-19 илдетинин күч алышы менен күйүүчү майдын баасынын кескин түрдө өсүшү байкалууда. Күйүүчү майдын баасынын жогорулаганы жол акынын да көтөрүлүшүнө алып келди. Мурда Суусамыр-Кара-Балта жол киреси 250 сом болсо, азыр 300 сом, ал эми Бишкек шаарына 400 сомго чейин жогорулады.
Айыл тургуну көп жылдан бери такси кызматында эмгектенген айдоочу Аралбек Айдарбеков буларга токтолду:
“Мен такси кызматында иштегениме 10 жылдай болуп калды. Айылдан Кара-Балта, Бишкек шаарларына каттап иштейм. Ушул иш аркылуу үй-бүлөмдү багып келем. Мындан бир жыл мурда майдын баасы 30 сомдун тегерегинде болсо азыр 2 эсеге кымбаттады. Унаанын тетктеринин баасы дагы көтөрүлдү. Майдын жана унаа тетиктеринин кымбатташына байланыштуу, жол киренин баасын 50 сомго көтөргөнбүз. Элдер да муну түшүнүү менен кабыл алышты. Азыр кыш күндөрү жолдун азабы да бар. Жолдор тоңуп, тайгак. Чыгымдарыбызды жаппай калган учурлар да болот. Кымбатчылыкка карабастан элдин шаарга каттоосу азайган жок. Кирешем мурункуга караганда аз болуп калды. Баардык нерсенин баалары өстү”.
Айыл тургуну айдоочу Аралбек Айдарбеков.
Суусамыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин төрайымы Назгул Тойгонбаева күйүүчү майдын кымбатташы пенсия, жөлөк пул менен жашап жаткан карапайым элге өтө чоң таасир этип жаткандыгын айтып өттү.
Жергиликтүү кеңештин төрайымы Назгул Тойгонбаева
«Өлкөдө пандемия башталгандан бери баалардын көтөрүлүшү күч алды. Азык-түлүк, күйүүчү май, жол акы, кийим-кеченин баалары бир топ өстү. Күйүүчү майдын кымбатташы жол акынын көтөрүлүшүнө алып келди. Карапайым эл үчүн кыйынчылык болду. Биз дагы жол киренин кымбатташын отурумда карап, таксистерге эскерткенбиз. Эл дагы буга нааразы болуп чыгышкан. Бирок алардын дагы ишин түшүнүү менен кабыл алдык. Азыр унаанын тетиктери, күйүүчү май, дөңгөлөк дагы кымбаттап кетти. Айылда пенсия, жөлөк пул, айлык маяна менен гана жашашат. Көпчүлүк эл жумушсуз эч жерде иштешпейт. Элге кыйын болду. Жайында, күзүндө тытынып иштеп, азык-түлүк даярдап алышат. Бардыгы кымбат болуп кетти. Мындай кымбатчылык боло берсе жакырчылыкка алып барат. Мамлекет тарабынан бир аз болсо дагы көзөмөл жүргүзүлсө болмок беле дейм. Бирок бул бүткүл дүйнө жүзүндө болуп жаткан каатчылык болуп жатат. Жеке унаасы барлар дагы алыс жолдорго чыкпай калышты. Көбүнчө такси кызматын колдонуп барып келишет. Жумушсуз жарандарга кыйын эле болду», -дейт депутат.
Айыл элине жеңил болушу үчүн атайын вотсапта айдоочулардын тобу түзүлгөн. Ал жерде такси эмес, өз жумушу менен борборго бара жаткандар арзан баада жүргүнчүлөрдү ала кетебиз деп билдирүү калтырышат. Бул дагы болсо жүргүнчүлөргө жеңилдик болуп калганын элеттиктер белгилешүүдө.
Суусамыр: Баалардын өсүшү карапайым элге оорчулук жаратты
Азиза Тамчиева