Баалардын кымбатташы өлкөдө пандемия шартында карапайым элге бир топ эле кыйынчылыктарды алып келүүдө. Азык-түлүк, жол акы, дары-дармек, кийим-кеченин баасы 2-3 эсеге өскөнүн айыл тургундары айтууда.
Айыл тургуну пенсионер Алиман Бурканбаева:
“Мен өзүм пенсионермин. Баалардын кымбатташы оорчулук жаратууда. Бул нерсе мага эле эмес, жалпы карапайым элге оор болуп жатат. Айылда жумушсуз жарандар, эч кандай өкмөттөн каржы албагандар да бар. Алар үчүн кымбатчылык жашоосун кыйындатып жатат. Айлык маяна, пенсиялар аз болгондуктан, акчаны азык-түлүккө эле жеткирүүгө туура келет”.
Айылдагы «Береке» дүкөнүнүн ээси Анюта Айрыгомова:
“Пандемия башталгандан бери азык-түлүк, кир жуучу каражаттар баары 2 эсеге кымбаттады. Ундун, майдын, шекердин баалары 2-3 эсеге жогорулады. Айыл жеринде кыйынчылыктар болуп турат. Элдер дагы баалардын жогорулашына нааразы болуп жатышат. Азык-түлүк бааларын көтөрүп алдыңар дегендер дагы болот. Бирок бул жалпы өлкө боюнча болуп жаткан көрүнүш. Биз дагы насыя алып ишкерчилик кылабыз. Ошон үчүн бизге дагы киреше тушүүсү керек. Биз деле товарларды кымбат алып жатабыз. Айылда карапайым эл айлык, пенсиянын эсебинен жашашат”.
Ал эми өлкөдө Ковид-19 илдети күчөп турган шартта айылда дары-дармектин баасынын анча деле көтөрүлбөгөндүгүн айылдык дарыкананын жетекчиси Нурбакыт Жапаров билдирди:
“Мен айылда көп жылдан бери дары-дармек сатуу ишкерчилиги менен дарыканада иштейм. Ушул дарыкананы ачып иштетип келем. Өзүмдүн медициналык билимим бар. Азыркы убакта дары-дармектин баасы анча деле көтөрүлгөн жок десем болот. Бирок өлкөдө ковиддин күч алышы менен дары-дармекке болгон суроо-талап көбөйдү. Азыр антибиотиктердин баасы көтөрүлгөн деле жок. Биз дарыларды дүң баада алабыз. Бир аз жол кирени кошуп сатабыз. Азыркы учурда сасык тумоонун күч алышы менен дарылардын өтүмдүүлүгү жакшы болуп жатат десем болот”,-дейт.
Азиза Тамчиева