Дени сак ата-энеден саламаттыгы жакшы бала төрөлөрү белгилүү. Үй-бүлөнү пландаштыруу эмне үчүн зарыл, бул учурда эмнелерди эске алып кандай кылуу талапка ылайык. Өзгөчө ковид-19 мезгилинде эмнелерди эске алуу керек? Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева түшүндүрүп берет.

Турмуш кура турган жаштар кайда кандай анализдерди тапшырып эмнелерге көңүл буруусу керек?
-Негизи чынында үй-бүлө куруу эң маанилүү кадамдардын бири болуп эсептелинет. Анда бир гана эненин ден-соолугуна кам көрүлбөстөн атанын дагы ден-соолугу маанилүү. Анткени, мындан болочоктогу баланын ден-соолугу түздөн түз байланыштуу. Ошондуктан азыр бардыгы жеткиликтүү. Таза жакшы үй бүлө курганга аракет кылуу зарыл. Ден сак коом болуу үчүн ар бир адам ден-соолугуна көңүл буруулары зарыл. Медицинага белгиүү жыныстык жол менен жуга турчу 30дан ашык оорунун түрү бар. Булардан алыс болуп эрте көрүнүп даарыланбаса болочокто төрөлчү балага терс таасирин тийгизип, ошондой эле тукумсуздукка алып келүүсү мүмкүн. Ошондой эле ар бир турмуш кура турчу адам өзүнүн кан группасын жана резус-факторун билип алуусу керек.
Үй- бүлөнү пандаштыруунун кандай артыкчылыктары бар?
— Азыр жаштар түздөн түз канча балалуу боло аларына чейин пландаштырып алуулары зарыл. Себеби, аялдын ден-соолугу мындан көз каранды. Пландаштырбагандан улам күтүлбөгөн бойго бүтүүлөр болуп калса, азырынча шарт жок деп оборт кылдырууга туура келет. Ал эми бойдон алдыра берүү аял кишинин ден-соолугуна абдан зыян. Турдүү ооруларга чалдыгуусу мүмкүн.
Баланын жынысы эмнеден көз каранды?
— Бул чынында көйгөйлүү маселе. Бизде дагы деле эркек төрөп бербейсиң деп маселе чыгаргандар бар. Акыркы учурда эле 3кыздын апасын эң кичүү баласы дагы кыз болуп калган үчүн эркек төрөбөйсүң деп сабап салган учурду уктук. Негизи аялда эч кандай күнөө жок. Аял киши ымыркайдын кыз же эркек болушуна тиешеси жок. Бул бир гана эркек кишиден көз каранды.
Ковид-19 пандемиясынан улам үй- бүлөнү пландаштырууда эмнелерди эске алуу керек?
— Бардык эле кош бойлуу энелердин ден-соолугу чың эмес, түрдүү өнөкөт оорулары менен дагы болушу мүмкүн. Ал эми өнөкөт оорусу бар адамдар ковид-19 учурунда тобокелдер тобуна кирерин билебиз. Ошондуктан эмдөөдөн өтүү зарыл. Бул вирус адамдардын жүрүм-турумуна түздөн- түз байланыштуу. Башкача айтканда ооруну жуктуруп албоо үчүн айтылып жаткан эрежелерди так сактоо керек. Өзгөчө кош бойлуу аялдар буга көңүл буруп, болушунча эл көп чогулган жерге барбай обочолонуп өзүн сактоосу керек.
Айгерим Кубатбекова