Бүгүнкү күндө Казарман айылында 1литр Аи-92 бензинин баасы 65 сомду түзөт. Бензиндин кымбатташы, такси айдоочуларга да залакасын тийгизип келет. Бул туурасында Казарман айылынын тургуну Нурбек Алик уулу билдирди.
«Казарман айылында май куйуучу жайларда болгону Аи-92 бензини сатылууда. Арзан Газпром же Кызыл Петролеум ачылса жакшы болот эле. Таксинин баасын көтөрсөк эле, эл чыдабайт анан патент төлөгүлө деп кысташат. Өлкөдө болгон кымбатчылык, үй-бүлөлүк бюджетке да залакасын тийгизди. Мисалы, мен үйдө жалгыз иштейм 4 балам бар, бираз тапкан акчам жетпей эле калат. Шүгүр ач калбайбыз, ушул сыякту мага окшогон таксисттер бар арабызда.
Ички жолдордун начардыгынан, машинананын алдыңкы тетиктери бат- баттан бузулуп жатат. Таксистердин күнү оорлошуп баратат. Арга жок, көбүнүн кредити бар, нан таап, үй- бүлөсүн баккандар бар. Карапайым элдин ар бир аткан таңыбыз кымбатчылык менен өзгөрүлүп баратат.
Бирок, ошого карабастан таксисттер деле демилге көтөрүп жетишпеген үй-бүлө болсо жардам көргөзүп кийим, кече алып берип келебиз. Майып адамдарга жардам берип, бекер ташып калабыз».
Ал эми айыл тургундарга ич ара такси керекпи, баасы ыңгайлуубу деген суроо менен кайрылып көрдүк:
Айыл тургуну Акылтай Нурмамбетов:
«Ооба, бизге окшоп алыс жашагандарга бир топ эле жеңил болуп калды. Бир жакка барыш керек болгондо чалып койсоң келе калат.
Эми бензин кымбат, баасы ыңгайлуу эле го. Дагы кымбаттабаса эле болду. Кымбат болсо деле айла жок да, бензиндин баасы эле асмандын башы болуп атпайбы».
Айыл тургуну Динара Мусаева:
«Таксинин баасы бир аз кымбатыраак. Анткени, мурда 50 сомдон болчу. Азыр жогору коюп салышты бааларын, арга жок эми, айылыбызга такси керек. Улгайган адамдар баса албайт. Алыс жерлерге, тойлорго барып калабыз. Ошол убакта машина тартыш болуп калат. Зарыл учурда, такси чакыртабыз».
Эскерте кетсек, Казарман айылында ич ара каттам 2018-жылдан баштап, таксилер иштеп баштаган.
Анара Мааметова