Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында жаш балдардын сасык тумоого кабылган учурлары көп болууда. Сасык тумоо оорусу менен көбүнчө жаш балдар ооругандыгын Жаңы-Жер айылдык ооруканасынын дарыгерлери билдиришти.
Жаңы-Жер аймактык ооруканасынын балдар дарыгери Шухрат Тажибаев.
Жаы-Жер айы алдык ооруканасынын жетекчиси, педиатр Шухрат Тажибаев
«Күн сууктаганы акыркы айларда ооруган жаш балдардын саны көп катталууда. Буга аба ырайынын суукташы дагы таасир берип жатса керек. Азыркы учурда 5 жашка чейинки балдар көп ооруп жатышат. Көбүнүн тамактары ооруп, дене табы көтөрүлүп келишет.
Ал эми окуучулар арасында сасык тумоо менен ооругандар дагы жок эмес. Бирок жаш балдар арасында пневмонияга чалдыккандар жокко эсе.”
Жаңы-Жер айылдык ооруканасынын жаш балдарды караган медайымдары
Кыштын күнү сууктан абайлап балдарды жылуу кийинтиш керек. Ата-энелер көпчүлүккө балдарын алып чыкпай, маска тагынып, тазалыкка көңүл буруу кажет. Азыркы учурда ооруканада эпидемиологиялык абал туруктуу».
Жаңы-Жер №2 толук эмес орто мектебинин информатика мугалими Темирлан Абдыбеков
Жаңы-Жер №2 толук эмес орто мектебинин мугалими Темирлан Абдыбековдун айтуусу боюнча:
“Мектепте ооруган окуучулар көп эмес, болгону башталгыч класстын окуучуларынан бир класстан бир экиден ооруп калышат. Класс жетекчилер эртең менен ар бир окуучунун дене табын текшерип сабакка киргизишет. Эгерде ооруп калгандары байкалса ата-энелерине кабарлап үйлөрүнө жиберишет.”
Айыл тургуну Динара Абакова:
«Менин үйдө 2 неберем бар, алардын тамактары ооруп айыгышты. Бир жумадан бери үйдө дары ичип жылуу кармап жатабыз. Негизи эле биз кышында эч жакка чыгарбайбыз. Өзүбүз сыртка көп чыккандыктан балдарга биз аркылуу жугуп жатат окшойт.»
Белгилей кетсек, акыркы учурда бери өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптар көбөйүп, омикрон штаммы да катталды. Жаңы-Жер айылдык ооруканасында да улуулар арасында ковидке чалдыккандар жана пневмония менен ооругандар бар экендиги айтылды.
Турсун Омуралиева