Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу болууда. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык. 21-июльга карата Кеңеш айыл аймагында коронавирусун жуктурган 5 жаңы учур аныкталды. Жалпы вирусту жуктуруп алгандардын саны 34кѳ жетти. Алардын ичинен бирѳѳ 4 жаштагы бала, калгандары чоң курактагы адамдар.
Айыккандардын саны 25, ал эми каза болгондордун саны бирѳѳ.
№9 үй-бүлѳлүк даарыгерлер тобунун дарыгер-эпидемиологу Динара Капар кызы: «Кѳбүнчѳ орто курактан баштап, 30дан 60-65 жашка чейин кѳбүрѳѳк ооруду, эркектер кѳбүрѳѳк. Мисалы 30 болсо анын 18и эркек болду.
Дарыгер-эпидемиолог Динара Капар кызы
Биздин медсестралар тойлорду, ѳлүмтүктѳрдү болтурбоо, колду самындап жуу эрежелерин айтып, үйдѳн чыкпашын суранып иш алып барып жатышат. Кѳбүнчѳ дезинфекция иштери магазиндерде, ишканаларда жүрүп жатат»,-деп билдирди дарыгер-эпидемиолог Динара Капар кызы.
Аймончок Кожонова