Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын 5376 шайлоо участогунда шайлоочулар добушун бере албай калган учурлар катталды. Алардын шайлай албай калганынын себеби алар биометрикалык каттоодон өткөн эмес. Шайлай албай калган шайлоочуларга паспортун жаңылгандан кийин гана шайлоого катыша алуусун түшүндүрүштү.
Шайлоо өткөрүлүүчү жай
Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны 15, талапкерлердин атынан 3 байкоочу жана көз карандысыз 3 байкоочу өз милдеттерин аткарып жатат. Куу-Майдан айылындагы 5376 шайлоо участогунда жалпысынан 1830 шайлоочу бар. Саат 15:55 ке карата 536 шайлоочу өз добушун берди.
Шайлоочулардын ден табы текшерилип, беткап менен киргизилип жатты
Шайлоочулар эч кандай тоскоолдуксуз өзү каалаган талапкерге добушун берип жатат. Шайлоо участогунда саат 15:55 ке алынган маалымат боюнча эч кандай мыйзам бузуулар каттала элек. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өз милдеттерин так аткарып жатышат.
Ар бир шайлоочу идентификацияланып жатты
Шайлоо комиссиясынын төрайымы Айтигүл Абдивалиеванын айтымында » Шайлоо участогу өз убагында саат 8:00 дө гимн менен салтанаттуу түрдө ачылды. Шайлоочулар активдүүлүгү мыкты деңгээлде болбосда орто катышып жатат. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө кийгигишүүлөр жок.»-деп билдирди шайлоо комиссиясынын төрайымы.
Шайлоо комиссиясынын төрайымы жана мүчөлөрү
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үй шартында өз добуштарын беришкен. Алар бир күн мурун шайлашкан, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү үй үйлөрүнө барып добуштарын алып келишкен.
Хусейн Курсантбек уулу