Күндүн суук болгонуна карабай 2153 Ооган- Талаа шайлоо участкасында шайлоочулар активдүү катышып жатышат.Шайлоо өз деңгээлинде, санитардык эрежелер толук түрдө сакталып, элдин маанайы жакшы. Шайлоочулардын саны эртең менен аз. Баары өздөрү каалаган талапкерлерди шайлап жатышат.

Кадича Жумабаеванын айтуусунда:

«Мен Кадича Жумабаева №12 ГСВнын улуу мээрманы болуп иштеймин. Азыркы учурда шайлоо жакшы өтүп жатат. Элдер келип, санитардык гигиеналар уюуштурулган, маска, антисептик, кол каптар ар бир келген шайлоочуга берилип жатат. Ызычуу жок тынч баары.

«Мен Нурайым Станбекова №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси болуп иштеп келем. Ооган-Таала 2153 шайлоо участкасында биз күзөттө турабыз, 8ден бери шайлоочулар келип жатат. Эми мындан ары да кечки 8 ге чейин дагы көрөбүз. Санитардык-гигеналар толук талапка жооп берет деп айта алам».
Гуламжан Рахматовдун айтуусунда :

«Мен Гуламжан Рахматов Ооган-Талаа айылынын тургуну, азыркы учурда шайлоо жакшы өтүп жатат. Санитардык гигеналар сакталган, элдин маанайы жакшы буйруса баары өзү каалаган башчыны, каалаган президенттик республика, парламенттик ресбуликабы өздөрү тандап жатышат».
Могол айыл аймагынын башчысы Эркинбек Турдукуловдун айтымында:

«Шайлоо азыр жакшы өтүп атат, эртең менен суук болгондуктан адам аз келди. Адамдар келгендиги 10% болуп калды, бирок адамдар убакыт өткөн сайын көбөйүп атат. Кезек менен кирип шайлап жатышат. Гигиеналык эрежелерди адамдар толук сактап, ар бир шайлоочуга бет кап, кол кап жана колуна антисептик себип кирип жатышат. Тепловизор аркылуу адамдардын температурасын текшерип оорулуубу же оорулуу эмеспи экенин текшерип анан киргизип жатабыз. Дарыгерлер баарын текшерүүдө. Шайлоо үзгүлтүксүз өтүп, элдер активдүү келип жатышат.»

«Мен Ашурбаева Жаанан. Шайлоо абдан жакшы өтүп атат. Тополоң, чыр-чатактар жок. Мен өзүмдүн каалоом менен өзүмүн талапкеримди шайладым».

«Мен Эргешов Аким Ооган-Талаа айылында жашаймын, азыр пенсиядамын. Шайлоо процесси жакшы өтүп жатат. Азыр суукка байланыштуу адамдар аз келип жатат, күн жылыса дагы келиши мүмкүн. Гигиеналык эрежелер толук сакталып жатат».

«Мен Садыкова Тажикан Ооган-Талаа айылынын тургунумун. Шайлоо абдан жакшы өтүп жатат ар бирибиз өзүбүздүн каалаган талапкерибизди тандап, добушубузду бердик.»
Суусамыр: 10-январдагы шайлоодо «Форма 2» колдонулбайт
Ширин Маратбекова, Айдай Жапарова
