Былтыркы жылдын март айында башталган пандемиянын кесепети элди кыйын абалга алып келди. Ал эми элеттеги аялдарга кандай таасирин тийгизгенин айыл тургундары айтып беришти.
Куу-Майдан айылынын тургуну Айбарчын Кокушова ооруканада медайым. Ал карантин учурунда көп убактысын жумушта өткөргөнүн билдирди:
“Карантинде баарыбыз кооптонуп, элдер бири-биринен алыстат чочуп калышты. Үй-бүлөм менен жугузуп албасак экен деп коркуп, үй-бүлөм үчүн болгон бүт аракетимди кылып жүрдүм”.
Минура Отунчиева көп балалуу, үйдө отургандар үчүн кыйын болду дейт:
“Карантинде окуучулар онлайн окууга өтүшкөн. Менин жеке пикирим боюнча онлайн окуу болбойт экен, балдарга терс таасирин тийгизет экен. Себеби, кечке телефон менен отуруп, оюнун баары телефон болуп калат экен.
Бирок карантиндин оң таасири болсо балдарды үйдө баарын чогуу алып отуруп кандай тартипте болуш керек, тазалыкты кантип сакташ керек үйрөтүп тарбия бергенге жакшы болду”.
Зульфия Салы кызы мектепте мугалим болуп иштейт. Анын айтымында онлайн окутуу айыл жергесине туура келбейт, себеби байланыш жакшы эмес:
“Пандемияда аялдарга кыйын болду, айрыкча 4-5 балалууларга. Алар аралыктан окугандыктан апалары сабактарына жардам берип, убагында телевидениеден сабактарга катыштыруу керек болду”.
Зулфия Арипова: “Бизде баары жакшы, эч кандай өзгөрүү деле болгон жок. Бирок, коронавирус жөнүндө биринчи укканда чочулап, коркконбуз”.
Аймончок Кожонова