Шаардык мэриянын вице-мэри оорукта кызмат кылган аксакалдан кабар алуу учурунда.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги менен Жеңишке салымын кошкон жарандарыбыз арабызда бар. Мындай жарандарга Кыргыз Республикасында “Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында оорукта кызмат кылган жарандар”-деп атайын статус берилип социалдык жактан камкордукка алынган.
“Экинчи Фронт”- деп аталган Сүлүктү көмүр кендеринде күнү-түнү эмгектенген жарандар да, эмгеги эске алынып, мамлекет тарабынан социалдык камкордукка алынышы керек эле. Бүгүнкү күнү алардын абалы кандай? Бул боюнча Сүлүктү шаардык мэриясынан маалымат алдык.
“2021-жылдын 25-майга карата Сүлүктү шаарында “Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында оорукта кызмат кылган жарандардын”, жергиликтүү эл “тыловиктер”- деп атайбыз жалпы саны 4 ардагер. Алардын бардыгы, балдарынын колунда, карылык доорун сүрүп жатат. Ден- соолук абалы канааттандырарлык, материалдык абалы жетишерлик.
Ошондой болсо да Сүлүктү шаардык социалдык коргоо башкармалыгында каттоодо турат, мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пулдарды, даректүү жардамдарды өз учурунда алып жатат. Акыркы жолу 9-май Жениш Күнүнө карата ар бир “тыловиктин” үйүнө барып, абалынан кабар алып, Сүлүктү шаардык мэриясынан чегерилген 5 мин сомдон акчалай сыйлыкты берип келдим. Белгилей кетсем жыл сайын сүлүктүлүк оорукта кызмат кылган жарандардын үйүнө көмүр өндүргөн ишканалар тарабынан 1 тоннадан бекер көмүр жеткирип берүү салтка айланган. Быйыл дагы ар биринин үйүнө жеткирилип берилди”-деп маалымат берди Сүлүктү шаардык мэриясынын вице-мэри Марзия Сапаркулова.
Өздөрүнө өздөрү продюсер болуп топ түзгөн энелердин эл билбеген сырлары
Бакытбек Сапаркулов