Өлкөбүздө болуп жаткан оор кырдаал баардык элге терс таасирин тийгизди. Учурунда ойлондурчу көйгөйлөрдүн бири кирешесиз үйдө отуруп калуу. Ал эми аялдарды пандемия учурунда жумушсуздук, аралыктан иштөө түйшөлтөт.
Суусамыр орто мектебинин кыргыз-тили, адабият сабагынын мугалими Асел Бакаева аралыктан сабак берүү кыйынчылык алып келгендигин айтат:
Суусамыр орто мектебинин кыргыз-тили, адабият сабагынын мугалими Асел Бакаева
“Пандемия учурунда жумуш үзгүлтүккө учурады. Аралыктан иштөө бир топ кыйынчылык жаратты. Окуучуларга татыктуу, жеткиликтүү онлайн билим берүү оор экен. Ар бир эле окуучуда жеткиликтүү интернет, телефон жок болгондуктан, кайтарым байланышта болуу дагы кыйын. Пандемия убагында аралыктан иштөөдө окуучулардын билим деңгээлине доо кетти”.
Ал эми Кымбат Курманова пандемия учурунда соода-сатык үзгүлтүккө учурап калгандыгын айтат:
Суусамыр айыл аймагынын тургуну, жеке ишкер Кымбат Курманова
“Суусамыр айыл аймагынан 153 чакырымыда жайгашкан Бишкек-Ош жолунда соода-сатык менен алектенебиз. Пандемия учурунда жумушубуз кыйла үзгүлтүкө учурады. Оор кырдаал болуп жаткандыгына карабай жер налогдорду, светти калтырбай төлөп жаттык. Карантин болуп жол кыймылы токтоп, кирешесиз үйдө отуруп калдык. Абал турукташкандан кийин соода-сатыкта кымбатчылык болуп, киреше алып келүүдө дагы кыйынчылыктарды жаратып жатат.”
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Гүлжамал Сыдыкова пандемия учурунда жумушсуз үйдө отуруп калгандыгын төмөндөгүчө айтты:
“Пандемия учурунда мен иштеп жаткан ишкана жабылып, убактылуу үйдө отуруп калдым. Иштеп жүргөн адамга жумушсуз отуруп калуу бул өтө кыйын экен. Пандемия учурунда кирешесиз калуу мени түйшөлтөт. Азыркы учурда вирус кайрадан күчөп жаткандыгына байланыштуу үйдөн киреше алып келчү иш баштадым”.
Айдана Токтобекова