Коронавирус (COVID-19) оорусуна аялдар да, эркектер да бирдей кабылышат. Бирок алынган маалыматка таянсак, коронавирус менен ооруган же ал оору менен курѳшкѳн адамдардын кѳпчүлүгү аялдар болуп эсептелинет.
Буга мектептерде, ооруканаларда жана базарларда кѳпчүлү аялзаты эмгектенгендиги деп айтсак болот. Алардын ооруну жуктуруп алуу деңгээли эркектерге караганда жогору. Ойлондурган нерсе — бул кош бойлуу аялдар. Адистердин айтымында, ковид оорусу энеден балага ѳтпѳйт. Оорунун терс таасири кош бойлуулуктун биринчи 3 айлыгында билинет. Бул вирус башка вирустар сыяктуу түйүлдүктүн ѳспѳй калышына же бойдон түшүшүнѳ себеп болот. Албетте, бул да болсо аялдар үчүн, алардын ден соолугу үчүн ѳтѳ кооптуу.
Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин жамаатынын кѳпчүлүгүн аялдар түзѳт. Мугалимдер коронавирустун аларга тийгизген таасири боюнча суроолорубузга мындайча жооп беришти:
«Бул илдет бизге, мугалимдерге ѳтѳ терс таасирин тийгизди, себеби күтүлбѳгѳн жерден сабактар онлайн түрүндѳ болуп депрессияга кабылдык. Депрессиянын келип чыгышынын бирден бир себеби — үйдѳ олтуруп калуу жана окуучуларыбыздын онлайн сабакка даяр эместиги, алардын кѳнүлү келбей, кайдыгер карап калуусу десек болот. Албетте, окубай койгон балдар жок, бирок кѳпчүлүк кѳнгѳн метод жакшы жыйынтык берерине кѳзүбүз жетти.
Ошол эле учурда арабызда ковид оорусу менен ооруган да мугалим эжелерибиз жок эмес, алардын айтуусунда, бул оору баарыбызга ден- соолуктун баа жеткис баркын, жакындарыбыздын кымбаттыгын, ѳз ишибиздин асылдыгын барктай билүүгѳ дагы бир жолу үйрѳттү десек болот. Бирок, быйыл бул ооруну да жеңебиз деген илгери үмүт менен окуучуларды окутуп, эч кандай стресске кабылбай, санитардык эрежени сактап жакшы маанайда ишибизди улантып келебиз»,- дешет.
Айыл тургуну: “Пандемияда аялдарга кыйын болду”
Нурзат Момуналиева