Соңку жылдары Кыргызстанда бизнеске аралашкан айымдардын катары арбыганы менен пандемия ишкердикке жаңы кадам таштагандар үчүн чоң сыноо болду.
Барскоон айылынын тургуну Чынара Алмакунова Барскоон айылында «Жетиген» тойканасын ачканга 3 жыл болду. Иши эми гана алдыга жыла баштаган учурда дүйнѳнү вирус каптап, карантинде тойканалар жабылып иштер токтоп калды. Карантин учурунда тойканада эмгек кылган жумушчуларды аргасыз кыскартууга туура келгендигин билдирди:
Ишкер айым Чынара Алмакунова
«Биз тойкананы ачып иштете баштаганыбызга 3 жылдын жүзү болду. Былтыркы пандемиянын кесепети биз үчүн абдан эле оор болду. Пандемия учурунда карантин жарыялап тойканалардын иштери токтотулду. Чектѳѳ киргизип аздан гана кабыл алууга туура келди. Жумушчуларды дагы аргасыз кыскарттык. Антпесек чектелген киши менен тойкана ѳз чыгымдарын актай албай калат экен. Чакан тойкана болсо актамак деп ойлойм. Биздин тойкана 500 кишиге эсептелген чоң тойканалардын бири. Эми минтип быйыл сезон башталганы турган учурда дагы Ковид-19 илдети кайрадан күч алып жатат. Эгер кайра чектѳѳлѳрдү кийирсе кандай кылабыз билбейм».
Жогорудагы каармандарыбыз сыяктуу карантинде иши токтоп, кирешесиз үйдө отуруп калган дагы бир каарманыбыз Назгүл Байганаева.
Ал Барскоон айылындагы «Тез татым» кафесин күрѳѳгѳ алып иштетип келген. Коронавируска байланыштуу карантинден ишкердиги жабыркап чакан кафесин жабууга да туура келген. Пандемия учурунда элдин саны аз болгондуктан жумушчуларына да эмгек акы тѳлѳй албай калгандыгын билдирди:
Ишкер айым Назгүл Байганаева
«Мен кѳп жылдар боюу тамак-аш жагында эмгектенип келем. Чакан кафени күрѳѳгѳ алып иштетип жаткан учурда илдет боюнча киргизилген карантин абдан залакасын тийгизди. Биз баарыбыз иш баштардын алдында кредит алып анан баштайбыз да. Карантин учурунда элдин саны азайгандыгына байланыштуу жумушчулардын санын да кыскарттык. Эң негизгиси тамак-аш аз сатылып, киреше аз болгондугуна байланыштуу кредит тѳгүү да кыйындык жаратты».
24 жылдан ашуун соода сатык менен алектенип үй-бүлѳлүк кирешесин толуктап келген Гүласал Таабалдиева карантин учурунда соодасы жүрбѳй үй-бүлѳлүк кирешесин да толтура албай калган. Ал эле эмес карантин учурунда элдин саны азайып, дүкѳнгѳ келген товарлардын баалары жогорулап да кеткен.
Өлкөдө өзгөчө абал жарыялангандан кийин кардарлары да токтоп, дүкѳндѳгү товары да сатылбай, кѳпчүлүк учурда үйдө отуруп калган. Азыр эми ишкер айым жаңы гана иштөөгө аракет кылып жаткан учурда, кайрадан илдеттин жаӊы түрү чыгып баштады. Эгерде кайрадан ѳлкѳгѳ карантин жарыяланса, үй-бүлѳлүк кирешесин кантип толтурарын билбей тургандыгын айым сѳз кыла кетти:
Ишкер айым Гүласал Таабалдиева
«Менин ѳз кесибим мугалим. Башында ѳз кесибим менен эмгектенип келгем. Маяна акысы аз болгондуктан, соода-сатык кылууга ѳткѳм. Соода тармагында эмгектенгениме 24 жылдан ашты. Пандемия учуруна чейин соода жакшы болуп дүкѳнүбүз товарга толуп иштеп турганбыз. Карантин жарыялангандан бери дүкѳнгѳ келген элдин саны да азайды. Эң негизгиси келген товарлардын баалары жогорулап, элде соода кылуу маселе жаралды. Негизинен дүкѳнгѳ элдер ар түрдүү келет эмеспи. Бирѳѳ маска менен келсе бирѳѳ маскасы жок келет экен. Ошол учурда ден-соолугума байланыштуу магазинди жабууга туура келди».
Ар бир адам ѳз ден-соолугуна кам кѳрүп, санитардык эрежелерди сактап жүрсѳ илдеттин күч алуусуна бѳгѳт коюлат.
Ишкер: «Пандемияда мигранттардан акча келбей курулуштар токтолду»
Гүлкайыр Осмоналиева