Быйыл ковид-19 пандемиясынан улам республика боюнча “Акыркы коңгуроо” аземи онлайн форматта өтмөй болду. Ошондой эле бүтүрүү кечеси, ар кандай жолугушууларды уюштурууга дагы тыюу салынган. Дарыгерлер былтыркы июнь айы кайталанбаш үчүн аталган буйрукту аткарууга чакырышат.
Ковид-19 пандемиясынан улам былтыркы жылы дагы “Акыркы коңгуроо” майрамы онлайн белгиленген. Анда бүтүрүүчүлөргө куттуктоолор видео түрүндө тартылып көрсөтүлгөн. Бул жылы дагы ар бир мектеп видео даярдашат алар мамлекеттик каналдарда бир күн бою көрсөтүлмөкчү. Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Рысбеков учурда бардыгынан ден-соолук маанилүү болуп тургандыктан мындай кадамга барышканын айтат:

“11-майда Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан буйрук кабыл алынды. Ага ылайык республиканын бардык аймактарында “Акыркы коңгуроо” майрамы онлайн белгиленет. Ошондой эле айыл жергесинде 10 жылдык, 20 жана 30 жылдык дегендер бар да аларга дагы мектепкке келгенге тыюу салынып жатат. Бул болсо илдетти алдына алуу, коргонуу максатында жасалууда.”
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ооруларды алдын- алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова айтылган эрежелерди укпай өзүм билемдике салган ата-энелер, класс жетекчилер бар экенин белгилеп. Былтыр июнь айында кандай окуя болгонду эстен чыгарбоого үндөдү:

“Азыр бул суроого биринчиден ата-энелер олуттуу мамиле кылыш керек. Эмне үчүн мындай тыюуларды салып жатабыз. Анткени, илдет башталгандан бери эле айтып келе атабыз. Бул жашы улгайып калган, орто жаштагы адамдар үчүн кооптуу деп. Орто жаштагы адамдарга сөзсүз түрдө мугалимдердин катмары кирип калат. Аларга коркунуч туудурушу мүмкүн. Ошондой эле, балдар ооруну жеңил өткөрөт деген менен балдар арасында дагы чоңдордо кездешкендей эле онкологиялык оорусу барлар бар кан системасы, сахар ар кандай ооруларга чалдыккан өнөкөт оорусу бар балдар бизде көп. Кээ бир учурларда ата-энелер ал жөнүндө кабары болбошу мүмкүн. Бала ковид менен ооруп калганда гана ал оорулар билинип оор түрдө өтүп, өлүмгө алып келүү коркунучу дагы бар”, -деп билдирди Мария Кушубакова.
Ошондой эле, айрым бүтүрүүчүлөр жаратылыш койнунда эс алууда ковид-19 илдетин жугузуп алуу ыктымалдуулугу аз деп эсептеп. Бүтүрүү кечелерин ошол жакта белгилөөнү каалашат. Мария Кушубакова бул тандоо дагы туура эмес экенин айтат:
“Ковид-19 жабык имараттарда гана жугат деген дагы туура эмес. Жаратылыш койнунда эс алууда санитардык эрежелерди толук сактоо мүмкүн эмес. Биринчиден ал жака көп адам барат. Ата-энелер, мугалимдер, окуучулар. Ошондой эле жаратылышта аралык сакталбайт аны көзөмөлдөгөн адам дагы болбойт. Андыктан биринчи орунда ден-соолук турат. Азыр ал майрамдардан дагы маанилүү балдардын андан кийинки окууга тапшыруусу башка нерселерге акча каражаттарын жумшоо натыйжалуу болот.”
Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министирлиги тиешелүү буйрукту аткарбагандарга чара көрүлөрүн айтып өттү. Ошондой эле ал күндөрү атайын рейд жүргүзүлөт.
Карточка: КОВИД-19 балдар арасында
КОВИД-19 сактануу чаралары
Айгерим Кубатбекова