Ноокат районунун Байыш айылына электр энергияга кеткен чыгымды тогүү үчүн касса ачылды. «Ош электронун» буйругу менен ачылган кассага эми тургундар алыс барбай эле өз айылынан электр жарыгына акча төлөй алышат.

Кассанын кызматкери Гүлү Жолдубаеванын айтымында, бул жердин ачылганы элге жакшы таасирин тийгизген. «Районго барып төгүп кыйналышпай эле ушул жерге келип төгүп кетишүүдө», — дейт Жолдубаева.

Бул кассага Көк-Бел, Исанов айыл өкмөттөрүнөн келишет. Иштөө убактысы Дүйшөмбү-Ишемби күндөрү саат 8-17ге чейин.

Байыш айылынын тургуну Жылдыз Эргешова бул кассанын ачылганы тургундарга жакшы болду дейт. «Анткени мурун Ноокат районуна барып төлөп келсек, азыр эми ушул эле жерден төгүп жатабыз», — дейт ал.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн
АК