Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин короосунун пайдубалы куюлуп, аны 1996-жылдын бүтүрүүчүлөрү колго алды.
Ар жыл сайын 20 жылдык юбилей ээлери мектепке жардамын көрсөтүшөт. Ошондой эле быйылкы жылдын юбилей ээлери да өз жардамдарын берип жатышат.
«Биздин эң негизги максатыбыз мектептин айланасын кооздоо, жаштарга үлгү болуу, ошондой эле өзүбүз окуп кеткен мектепке салымыбызды кошсок», — дешет юбилей ээлери.
Фундамент куйганга эки тонна цемент, эки машина шагыл төгүлүп, усталардын эмгек акысы кошулуп жалпы 35 миң сом акча сарпталды.
Юбилей ээлери дагы мечитке он миң сом беришти жана «Айбийке» балдар бакчасына бир тонна цемент алып беришти.
Мектеп мугалими Мубара Кадырова, фундаменттин куюлганы бизге жакшы болду, себеби мурда мектептин фундаменти көчүп элдердин мал-жандыктары кире берет эле, дейт.
Юбилей ээси Медербек Коргонбаев мектептин фундаменти көчүп кеткен экен ошого фундамент куюп берүүнү чечтик дейт.
Дагы бир юбилей ээси Гүлмайрам Ысмайылова «өзүбүз бүтүп кеткен мектебибиз, айылдын, мектептин керегине жарсын деп ушул фундаментти куюп бердик» дейт.
Даярдаган: Аймончок Курсантбек кызы
Сынак үчүн