«Таза айыл, таза жаштар» акциясына Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинен 68 окуучу катышып, өз салымдарын кошушту.

«Үч-Коргон айыл өкмөтү жана жаштардын демилгеси менен тазалык күнү уюштурулуп жатат. Жаштар айылдагы адамдарды тазалыкка чакырып, ар бир үйгө кирип чыгышкан. Жаз келип айлана чөйрөнү тазалоо ар бирибиздин милдетибиз деп эсептеймин», — дейт айыл өкмөттүн Азиз Нурмаматов.
Аталган мектептин директору Рано Турсуналиева мындай демилгелерди дайым колдоорун айтат. «Бул иш чара жаштарды тазалык менен биргеликте адамдарды сыйлоо жана мээнетке, туулуп өскөн жерин сүйүүгө үйрөтөт», — деп билдирди мектеп директору.
Жаштар менен биргеликте айылдын тургундары, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери Үч-Коргон айылынын борбордук жайларын тазалашты.

Үч-Коргон мультимедиа борборунун координатору Арипов Атабектин билдиришинче, жаштар айылдагы адамдарды тазалыкка чакырып ар бир үйгө кирип чыгышкан.
Даярдагандар: Пардаева Мохира
Сүрөттүн автору: Нусратуллаев Сайёдбек
Сынак үчүн
КМ