Лейлек районунун Казыев Кожояр атындагы орто мектебинде Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата окуучулардын билим деңгээлин өрчүтүү, билимге болгон кызыгуусун ойготуу, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана тилин сактоо, өнүктүрүү, руханий дөөлөттөрдү даңазалоо максатында 7-класстар арасында “Акыл таймаш” өткөрүлдү.
Сынакка ар бир класстан бештен окуучу катышып, топ башчылар шайланып, тапшырмаларга биримдикте жооп беришти. Таймаш Лейлек райондук билим берүү бөлүмү тарабынан жөнөтүлгөн Жобого ылайык 3 бөлүк менен уюштурулду.
1) Саламдашуу бөлүмү (команданын атын жактоо, команда мүчөлөрү менен тааныштыруу)
2) Билимиңди сынап көр бөлүмү: кыргыз тилинен, кыргыз адабиятынан, кыргыз тарыхынан, кыргызстандын географиясынан жана логикадан 2 суроо.
3) Наркыңды биле жүр (улуттук нарк жана салт боюнча ар бир командага 2ден суроо).
“Акыл таймашта” 7а-класстын “Биримдик”, 7б-класстын “Жаш канат” топтору ат салышып, жыйынтыгында “Биримдик” тобу жогорку упай менен шаардык турга катышууга жолдомо алды. Даярдаган класс жетекчилери Айнура Орунбаев менен Гулназ Кулметова.
Женишбек Адиназаров