Нарын районунун Дөбөлү айылында 15- ноябрь күнү » Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына» карата волейбол оюну боюнча, 2009-2012- жылы туулган уландар, кыздар арасында Нарын облусунун ачык биринчилиги болуп өттү. Оюнга жалпысынан 80 спортчу, 4 балдардан , 6 кыздардан түзүлгөн командалар катышты. Оюн Нарын районунун балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинин жана Дөбөлү айылынын Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими, волейбол оюну боюнча машыктыруучусу Назаров Рахаттын уюштуруусу астында өткөрүлдү.
Оюн учуру
Жыйынтыгында эркек балдар боюнча ээлеген орундар:
1- орун Нарын шаары «Газпром» командасы
2- орун Нарын районунун Эчки башы айылынын командасы
3- орун Нарын районунун Таш Башат айылынын командасы
4- орун Нарын районунун Дөбөлү айылынын командасы
Кыздар боюнча ээлеген орундар:
1- орун Нарын районунун Кеңеш айылынын командасы
2- орун Нарын районунун Кайыңды айылынын командасы
3- орун Эчки Башы айылынын командасы
4- орун Нарын районунун Таш Башат айылынын командасы
Жеңүүчү жана 2,3 орунду ээлеген командалар кубок жана медалдар менен сыйланышты.
«Газпром» командасы
Кеңеш айылынын командасы
Эчки Башы айылынын командасы
Эчки Башы айылынын командасы
Кайыңды айылынын командасы
Дөбөлү айылынын командасы
Индира Мөндүрбаева