2024-жылдын 17-ноябрында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында шайлоо өтөт. Айылдык кеңешинин депутаттыгына 58 талапкер аттанып, алардын ичинен 31 депутат дайындалат.
Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Батырбек Кааров шайлоо — бул коомго таза жана жоопкерчиликтүү кызмат кылган лидерлерди тандоо мүмкүнчүлүгү экенин белгилеп. Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ачык жана адилеттүү иштөөгө даяр адамдарды тандоо маанилүү экение токтолот. Ар бир добуш маанилүү, жана шайлоого катышуу — бул коррупцияга орун жок, адилеттүү жана калыс коом түзүүгө карай кадам:
«17-ноябрь күнү элдер өздөүнүн каалоосу менен айылдык кеңиштин депутаттарын тандап алышат. Шайлоодо көп добуш алган талапкерлер депутат болуп шайланат. Шайланып алынган айылдык кеңештин депутаттары өкмөттүн бюджетин бекитип, аны көзөмөлгө алат. Айыл өкмөт башчы менен чогуу иш алып барып, айылдын ичиндеги экономиканы көтөрүү маселенин үстүндө, билим берүү тармагы боюнча иштейбиз.» — деп билдирди.
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева, Мухаммадамин Токтосунов