Ак-Талаа районунда 60 шайлоочу добуш берүүчү жайдан тышкаркы жерде (көчмө урна) добуш берди. Ак-Талаа АШКнын төрагасы Белек Байышбековдун маалыматына караганда 66 шайлоочудан жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча арыз түшкөн.
Сүрөт интернеттен алынды
“Участкалык шайлоо комисссиянын 3 мүчөсү, идентификациялык аппараттын оператору, ИИБнүн кызматкери менен биргеликте барышты. 60 шайлоочу добуш берди, 1 шайлоочу ден-соолугуна байланыштуу, ал эми 5 шайлоочу идентификациядан өткөнү менен дүмүрчөк жана бюллетень чыккан жок, ошол себептүү байланыштуу добуш бере алган жок” — деди.
Белек Байышбеков АШКнын төрагасы
Жаш курагына жараша майыптыгы, оорусуна байланыштуу же дагы бир себептер менен (үзгүлтүксүз иш, аскер кызматындагылар, стационардык дарылоо мекемесиндегилер ж.б) шайлоо тилкесине бара албаган жагдайда шайлоо округу бекитилгенден тартып шайлоого 3 күн калганга чейин арыз берүүлөрү керек.
Барчын Мамытбекова