Кочкор районуна караштуу Чолпон айылына 14-ноябрь күнү кар жаады. Калың кардын жаашы жергиликтүү тургундар үчүн күтүүсүз окуя болду. Анткени адатта бул аймакка көп кар жаабагандыктан кыштын келиши менен карды күтүшпөйт.
Бүгүнкү кар айылды өзгөчө кооздоп, кыштын алгачкы өзгөчөлүктөрүн сезүүгө мүмкүндүк берди. Кар жаап, чөйрө ак түскө боёлуп, тынчтык жана сырткы дүйнөнүн сулуулугу байкалат. Кар жааганда чөйрө жаңыланып, ак түстөгү табигый кооздук көптөрдүн көңүлүн көтөрөт. Кар жаап жаткан учурда аба салкын жана тынч болуп, бул болсо адамдарга стресстен арылып, өздөрүн жакшы сезүүгө шарт түзөт. Кар жаап, балдардын шаңдуу оюндары коштолуп, жакшы маанай тартуулайт.
Ошол эле учурда, кардын айрым кыйынчылыктары да бар: жолдордун жабылышы, муздак аба жана малдар талаага чыга албай калышат. Кочкор өрөөнүндө кышында да мал талаада жайылып келгендиктен, тоют чектелүү жыйналат. Кар жааган учурда тоют коромжу болушу мүмкүн.
Аяна Эрланова.