Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылынын босогосу бүтүрүүчүлөр тарабынан тор тосмо менен тосулууда.Тактап айтканда, Б.Календеров атындагы орто мектебин 1987-жылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр аталган айылдын кире беришинин эки тарабынан тор менен тосуп, жолдун четтерине шагыл төгүшүүдө.

1987-жылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр

80 машина шагыл төгүлдү

Муниципалдык ишкананын техникасы колдонулду

Жолдун эки чекесине шагыл төгүлдү

Мурда жолдун эки тарабы ачык турчу

Ала-Буга айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын айтымында 600м тосмо менен бирге шагылдан жөө адамдар үчүн аллея кошо жасалып жатат:
“Кызыл сызыктын чектерин айыл өкмөттүн адистери тактап берип жатышат. Ал жердеги эски бак-дарактар кыйылып, ордуна тор тосмо орнотулууда. 80 машина шагыл түшүрүлдү жана 600 миң акча каражаты сарпталды. Учурда тосуу иштери аяктоо алдында турат”- деди А.Медетова.
Барчын Мамытбекова