Бүгүн Ак-Талаа районунун Баетов айылында “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук учурдун көйгөйү” деген темада тегерек стол болуп, ага аталган айылдагы айымдар катышты. Тегерек стол Баетов айылдык аялдар кеңеши тарабынан уюштурулуп, катышуучулар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун келип чыгуу себептери, анын түрлөрү, алдын алуу жолдорун, буга байланыштуу мыйзамдар жана Кыргызстан ратификациялаган Эл аралык документтерди талкуулашты.
Айымдар өз ойлорун ортого салышты
зордук-зомбулук боюнча ой-пикирлерин талкуулашты
Баетов айылдык аялдар кеңешинин төрайымы Гүлжан Тентимишованын айтымында аялдар арасында ар кандай темадагы талкуу, жолугушууларды өткөрүп туруу пландалган.
“Алардын ичинен учурдун көйгөйү болгон үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча уюштурдук бүгүн. Айымдар кээде өзүн коргой турган мыйзамдар бар экенин билбестен зомбулук алдында жашай берсе, айрымдарына “Эл эмне дейт?”- деген көз караш таасир этет. Албетте өзүн коргой алган айымдар дагы жок эмес. Бирок аялдардын калың катмарына окутууларды байма-бай өтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу керек”-деди ал.
Барчын Мамытбекова