Кочкор районуна караштуу Чолпон айылына 14-ноябрь күнү кар жаады. Калың кардын жаашы жергиликтүү тургундар үчүн күтүүсүз окуя болду. Анткени адатта бул аймакка көп кар жаабагандыктан кыштын келиши менен карды күтүшпөйт. …
Ак карга оронгон кыш мезгили ысык чай, жылуу төшөк жомоктору менен кызык. Кыш мезгили кандай сонун. Балдар чурулдап кар менен ойношуп, эс алгандар тоого барып лыжа тээп, муз аянтчаларда коньки …
Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүндө кышка карата даярдык кандай? Бул туурасында айыл өкмөт башчы Эркин Турдукуловго кайрылып, айыл аймакта жайгашкан мекеме жетекчилер менен баарлаштык.
Базар-Коргон районунда былтыркы жылы көмүрдүн баасы бир мүшөгү 120-150 сом болсо, 2021-жылы октябрь айына баасы көтөрүлүп, мүшөгү 200-220 сомго жетти. Жергиликтүү тургундар көмүрдүн баасы кескин түрдө жогорулагандыктан тонналап ала албай …
Кыш бүтөрүнө саналуу күндөр калганда аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу суук болууда. Айланага кооз көрүнүш тартуулаганы менен кылычын кармаган кыш адамдарга кыйынчылык жаратып жатат.
Жылдын ар бир мезгили бири- биринен айырмаланып турат. Кыргыздын акылман карыялары ар бир мезгил тууралуу айткан накыл сөздөрү элдин арасында тараган. Жайыл районунун Кара-Суу айылынын тургуну, аксакал Карыпбек Серенов быйыл …
Нарын районунун Куланак айылында кышында муз аянтчасын ачылышын айыл эли чыдамсыздык менен күтүшөт. Быйылкы жылы биринчилерден болуп Болдубек Айдарбеков айыл элинин, жаштардын ойноосуна шарт түзүп берди.
2020-2021-жылдын кыш мезгилинде Токтогул районунда биринчи жолу кар жаады. Айлана чаң басып малдар да чаңдан жөтөлүп ооруп жаткан учурда айлана аппак карга айланды.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы жол Нарын облусун Ак — Талаа, Тогуз — Торо райондору менен байланыштырган жалгыз трасса. Жол советтер союзунда курулган. Ошол күндөн ушул күнгө чейин жолдо тынымсыз …
Кыш мезгилинде мал багуу кандай кыйынчылыктарды алып келери баарыбызга маалым. Айылдын тургунунун кышкысын малын кантип багып жаткандыгы тууралуу маек.
Кыш мезгилинин биринчи айы дагы аяктайын деп калды. Быйылкы жыл, мурунку жылдарга салыштырмалуу бардык тармактарда өзгөрүүлөр байкалды. Пандемия учурунда Кочкор районундагы Чолпон айылында кышка даярдык кандай деңгээлде болду?
Кыш мезгилинде Кара-Суу айылында жаштар эс алууну кызыктуу өткөрүп жаткан кези.
Ак-Талаа районунда эпидемиологиялык абал туруктуу деген менен илдеттин катталуусу азая элек. Демек дагы да болсо санитардык эрежелерди сактап, бет кап кийүү зарылдыгы бар. Бирок учурда кыш мезгили болгондуктан баш кийим …
Кара-Суу айылында 2020-жылдын кыш мезгили өтүп жаткан кези. Жумуштун жоктугунан айыл тургундары илгеркидей эле өз чарбалары менен алектенүүдө.
«Ас Салам» фонду тарабынан Суусамыр элине жардам катары 9 камаз көмүр түшүрүлүп, аз камсыз үй- бүлөлөргө таратылып берилгендиги белгилүү болду.
Жалал-Абал облусу, Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүндөгү «Ачы» токой чарбасында кышка карата даярдыгы менен тааныштырабыз.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына кар калың түшүп, ага байланыштуу 16-февраль күндөрү маршруттук каттам өз кыймылын токтотту.
Өлкөбүздүн ар бир жери керемет. Ошол кереметтүү жерлердин катарында уникалдуу Нарын облусу да турат. kyrgyzmedia окурмандар үчүн аталган облуста тартылган кызыктуу сүрөттөрдү жарыялайт. Анда, жол арытып Теңир-Тоо жергесине барбасаңыз дагы, …
Бул аудиобаянда сиздер Жайыл районунун Кара-Суу айылынын аялдары кышты кантип өткөрө тургандыгы менен таанышасыздар.Кыш.Аялдар
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын жаштары 4 сарай чөлкөмүнө барып, жылгаяк тебишет. Бирок быйылкы жылы кар аз жааганга байланыштуу, жылгаяк тебүүдө тоскоолдуктар жаралууда. Даярдагандар: Сайкал Эрнисбек кызы, Жамила Калдарова