Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүндө кышка карата даярдык кандай? Бул туурасында айыл өкмөт башчы Эркин Турдукуловго кайрылып, айыл аймакта жайгашкан мекеме жетекчилер менен баарлаштык.
Могол айыл өкмөтү кышка толук даяр. Бардык мекеме, ишканаларга көмүр келип түштү дейт Могол айыл өкмөтүнүн жетекчиси Эркин Турдукулов.
«Могол айыл аймагы кышка карата даярдыкты июнь айында эле баштаганбыз. Тендерге берип, кайсыл мекемеге канча көмүр, отун керектеле турганын эсептеп, буйрутма бергенбиз. Кышка карата бардык мекемелерге көмүрлөрдү түшүрүп, отун алышты. Мындан сырткары жардам катарында 15 үй-бүлөгө кошумча көмүр айыл өкмөт тарабынан берилет. Мында аз камсыз болгондор жана калктын аялуу катмарындагы тургундар тизмеленди. Бул атайын түзүлгөн комиссия тарабынан каралып, сунушталды. Могол айыл өкмөтү кышка толук даяр».
Айыл өкмөтүн эсепчиси Алимжан Абакулов: «Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтүнүн мектептерине кышка карата көмүрдүн иригинен 110 тонна — 330 миң сомго, майда көмүрдөн 80 тонна 1950 сомдон жалпы 156 миң сомго, ал эми балдар бакчасына 70 тонна көмүр — 210 миң сомго, айыл өкмөттүн имаратына 10 тонна — 30 миң сомдук көмүр түшүрүлдү».
«Чкалов айылындагы Балтабаев орто мектеби жана «Кимсан» бала бакчасынын, №50 орто мектептердин көмүр каналары эски абалда болгондуктан айыл өкмөттөн жардам сурап кайрылышкан. Азыр алардын көмүр каналарынын чыгымдары эсептелип жатат. Каражат бөлүп берсек, жаңы курулмакчы»,- дейт Могол айыл аймагынын башкы эсепчиси Зыягүл Укубаева.
«Биз сессиянын алдында Могол айыл өкмөтүндөгү мекемелердин кышка карата даярдыгын текшергенбиз. Бардык эле мектептер кышка карата даяр экен. Көмүрлөр, отундар кургак жерге киргизилген. Мектеп, бала бакчалардын мештери тазаланып, от жакканга даярдалыптыр»-деп билдирди жергиликтүү кеңештин депутаты Кадича Жумабаева.
Ал эми «Тоо гүлү» балдар бакчасынын жетекчиси Бактыгүл Абдыкеримова былтыркы жылдан калган отундар дагы даярдалгандыгын билдирди.
«Бала бакча кышка карата даяр. 10 тонна көмүр, 10 куб отун жана былтыркыдан ашып калган отунду даярдап койгонбуз. Негизинен бала бакча электр энергиясы менен жылытылат. Мындан сырткары кошумча мештер да бар. Электр жарыгы өчкөн мезгилде мешке от жагылат».
Гулназ Камбарали кызы