Энелер мектеби аймактарда министрликтин же райононун мажбурлаганынан эмес, №3 эксперименталдык гимназиянын бүтүрүүчүлөрү жараткан ийгиликтерди көрүп алып ата-энелердин демилгеси менен уюштурулууда. Өзгөчө пандемия учурунда аталган мектепкке суроо талап жогорулады.
Мугалим, ата-энелер онлайн курсунун куратору Гулсара Мадаминованын айтымында мурда концерттер уюштурулчу маданият үйлөрүндө азыр Гапыр агайды чакырып балдардын билим алуусуна, тарбиясына кайдыгер эмес ата-энелер, мугалимдер жыйындарды өткөрүп жатышат:
“Пандемия бир четинен жаман эле окуя болду. Бирок, анын артынан көп жакшылыктар болду десем болот. Энелер мектебинин онлайн түрү ушул учурда өтө өнүктү. Элге жеткиликтүү болуш керек. Учурда ар бир айылда жашаган ата-энелер вотсапка кире алышат. Ошол себептен биз онлайн сабактарды “Энелер мектеби Талас”, “Энелер мектеби Бишкек” деген сыяктуу ар кайсы аймактар үчүн топторду түзүп ссылка аркылуу ата-энелерди чакырганбыз. Алар бат эле толуп кетип жатты. Демек, алар билим алууга кызыктар болчу. Пандемия шартында бул мектептин пайдасын көрдүк деп айтып жатышты. Анткени бул учурда баланын сабагы жана башка баардыгы ата-энелерге жүктөлбөдүбү.”
Энелер мектеби туурасында бул жерден окусаңыз болот: Мектепке көмөк көрсөткөн «Энелер мектеби»
Энелер мектебинин суранычы менен “Болочок ата-энелерди даярдаган курс ачылды”:
“Гапыр агай барыл уюшутурган жолугушууларда ата-энелер бала тарбиялоодо кетирген каталарын көрүп, “биз кечигиптирбиз, эми биздин балдарыбыз, кыз-келиндерибиз кечикпесин ошол үчүн уюштурсаңар”-деген сунуштарын берип жатышты. Мындан улам биз “Болочоктогу ата-энелер”курсунун онлайн уюштуруп жатабыз. Ага Гапыр агайдын “ Ата-энелер сиздер үчүн”, Энелер мектебинин программасы аркылуу андагы темаларды дагы да ушул багыттагы адистер менен уюуштарабыз.”
Энелер мектебинин катышуучусунун маегин бул жерден окуңуз: Бала тарбиялоодо бардык суроолорума “Энелер мектебинен” жооп алдым
Энелер мектебин өз мектебиндеги ата-энелерге уюштуруп жаткан Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл – Туу айылындагы Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин мугалими Динара Сарбашова аталган мектеп билим берүүдө чоң салым кошуп жатканын билдирди:
«Окуучулар татыктуу билим алып, мыкты деңгээлде болуусу окуучулардын энелерин окутуу керек. Эне мектеби программасы ар бир мектепте окутулса жакшы болмок, ата – энелер өз жоопкерчилигин билишип, сезишип, баланын тарбиясына, билим сапатына кызыгышып, балдардын келечеги түзүлмөк. Мына ушундай мүмкүнчүлүктү жер жерлерде түзүп, бир гана окуучуну эмес, энелерди окутуу менен бирге окуучулардын билим деңгээлин жогорулатып, олимпиадаларга жеңүүчүлөрдү көбөйтүп, бюджеттик негизде окуучуларды окутууга жана Акыл Эмгек Маданиятын (АЭМди) үйрөтүүдө, азыркынын Дүйшөнү Гапыр Мадаминовдун эмгеги зор.”
Жеке эле окуучуларды окутууда гана эмес, мугалимдер сабак өтүүдөгү усулдарды колдонуусуна жол көрсөтүп берүүсү, «Устаттык өнөр» китебинде кеңири баяндалган. Текшерүүчү келет деп көргөзмөлүү сабактын текшерүүчү үчүн же мектептин администрациясы үчүн өтпөстөн, ар бир сабакка даяр жана татыктуу өтүү боюнча баяндалат. Агайдын усулдарын үйрөнгөндөн бери буга чейин тузу жок тамактангандай, сабак өтүп жүргөн экенмин деп кейип кетем, себеби «Мугалим – бүтүндөй бир муунду, келечекти калыпка салган кеменгер»,-
Айгерим Кубатбекова