9-октябрь күнү Токтогул районунда мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар үчүн тарбия, адеп-ахлак, билим берүү жана маданият маселелерине арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага коомдук ишмер Нуржигит Кадырбеков, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Гапыр Мадаминов жана педагог, мотивациялык тренер Нурзат Токтосунова, Эрлан Жыргалбек уулу катышып, катышуучулар менен мазмундуу баарлашуу өткөрүштү.

Жолугушууда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мугалимдин коомдогу орду, үй-бүлөлүк жана руханий баалуулуктарды бекемдөө, жаш муундун адеп-ахлагын калыптандыруу маселелери талкууланды. Спикерлер өздөрүнүн китептерине жана практикалык тажрыйбасына таянып, катышуучуларга баалуу сунуштар менен бөлүшүштү.

Иш-чара жылуу маанайда өтүп, катышуучуларга дем, мотивация жана терең ойлорду калтырды. Семинардын соңунда ар бир адам билим менен тарбия — өлкөнүн келечегинин пайдубалы экенине дагы бир ирет ынанды.

Даярдаган: Азема Кудуева,