Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы эски аялдамалардын ордуна жаңысы орнотулууда. Аялдаманы жасоого Кыргыз темир жол курулушунун Кытай ишканасы, Асейин Бектурганов жана Мурас Сыдыковдор колдоо көрсөтүштү.
Баетов айыл аймагынын жетектөөчү адиси Айзада Молдалиеванын айтымында жалпы 10 аялдаманы куруу пландалган. “Учурда алтоо жасалып бүттү. Ар бир аялдаманын наркы 80мин сомду түзүп, айыл өкмөттүн апппарат кызматкерлери тарабынан жасалып, орнотулууда. Жаңы аялдамалар тургундардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыз кылат” деди А.Молдалиева.


Аялдаманы жасоого Кыргыз темир жол курулушунун Кытай ишканасы, Асейин Бектурганов жана Мурас Сыдыковдор колдоо көрсөтүштү.

Маалымат үчүн, бул аялдамалар өткөн кылымдын 1987-1988-ж.ж. салынган. Айыл ичинде коомдук транспорт каттабай калгандан кийин талкаланып, тонолуп кеткен.
Барчын Мамытбекова