Ак-Талаа районундук К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө белгилүү обончу, композитор Жалил Сыдыковдун чыгармаларын аткаруу боюнча “Ырлар гана ырдаар атымды” аттуу кароо-сынак өттү.
Сынак улуттук көркөм өнөрүбүзгө, кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө зор салым кошкон Ж.Сыдыковдун обондорун калктын калың катмарына жеткирүү, ырларынын түбөлүктүүлүгүн, өзгөчөлүгүн даңазалоо менен бирге элдик таланттардын чыгармачылыгын терең ачып көрсөтүү максатында уюштурулду.
Маданият үйүнүн жетекчиси Курманжан Тиленбаеванын айтымында кароо-сынакка 15 жаштан жогору бардык каалоочулар катышты. Сынакка Ж.Сыдыковдун уулу Элзар Сыдыков демөөрчүлүк кылып, байге фонду 80миң сом болду” деди К.Тиленбаева.

Ажиева Гүлзада жана Бекболотова Рыскүл

Бакытбекова Аделя

Мирбек Чырмыев

Кундуз Дүйшөбаева

Күлүпа Мамбетакунова

Динара Карабекова

Ашымов Элмирбек

Нагима Токтосунова
Жыйынтыгында Саламатов Жолдубай, Бакытбекова Аделя, Адылкыязова Айсалкын, Ашымов Элмирбек, Кайыпбекова Мединага 2000сом акчалай сыйлык тапшырылды.
Ал эми Байэл Ажыбеков, Мирбек Чырмыев, Элиза Каракойчиева, Кундуз Дүйшөбаева, Күлүпа Мамбетакунова Динара Карабекова, Бекжан Карасартов, Нагима Токтосуноваларга 5000 сомдон берилсе,
Ажиева Гүлзада жана Бекболотова Рыскүл 10миң сом акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Сынактын соңунда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү композитор Каныкей Эралиева, белгилүү эстрада ырчылары Жылдыз Коконбай кызы, Аида Кулуева жана сынактын жеңүүчүлөрүнүн катышуусунда концерт тартууланды.
Барчын Мамытбекова