2025-жылдын 8-октябрында Токтогул районундагы И.Умаров атындагы мектепте маанилүү жана таасирдүү жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Бул саамалыкты белгилүү агартуучу, тарбия боюнча кеңири таанылган инсан — Гапыр Мадаминов агайдын катышуусу өзгөчө мааниге ээ кылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Гапыр агай жана Нуржигит Кадырбеков окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушуп, билимдин, тарбиянын жана адамдык баалуулуктардын маңызын өздөрүнүн таасирдүү сөздөрү аркылуу жеткире алышты. Бул жолугушуу ата-энелерге, чоң энелерге жана чоң аталарга чыныгы рухий сабак болду. Китеп дүйнөсүнөн алыстап калган, кайдыгер жашоого моюн сунуп калган жарандардын жүрөгүнө үмүт, кулагына акыл-насаат тагып кеткен иш-чара болду.

📖 Тарыхты тааныган – келечекти багынтат!
Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында өткөрүлгөн өзгөчө иш-чарада мектеп окуучулары район жана айылдын тарыхын мыкты айтып беришип, элдин купулуна толушту.
🏆 Эң мыкты баяндаган окуучулар жана бул иш-чараны уюштурган мугалимдер айыл жаштарынын атынан грамота жана Ташкент шаарына жолдомо менен сыйланышты!
Бул иш-чара — жашоодо үмүт бар экенин, билим менен тарбия ар дайым алдыга сүрөй турган күч экенин дагы бир жолу далилдеди. Демилге көтөргөн уулдарга жана Гапыр агайга ыраазычылык билдиребиз. Бул иш-чараны уюштурууга демилге көтөрүп, бардык чыгымдарын өз мойнуна алышкан Жаңы-Жол айылынан чыккан чыгаан жаштары элдин ыраазычылыгына арзышты. Улуттук тамырыбызды таанып, сыймыктанган жаштар – биздин чыныгы байлыгыбыз! Билим менен куралданган коом — күчтүү коом!

Даярдаган: Азема Кудуева