Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу №21 орто мектеп заманбап спорттук воркаут-аянтчалуу болду. Жарым жыл мурда жарыяланган экологиялык акцияга катышуунун натыйжасында, бул мектеп акциянын жеңүүчүсү деп табылган. Мектептин директору Жениш уулу Азимдин айтымында, жеңишке жетүүгө биримдик жана ынтымак түрткү болгон:

“Свердлов районундагы 25 мектептин ичинен үчүнчү орунга ээ болуу, менимче, абдан жакшы жыйынтык. Окуучулардын, алардын ата-энелеринин, жалпы мектеп жамаатынын биримдиги жана достугу ушундай ийгиликке алып келди. Азыр мектепте 1900 окуучу бар болсо, алардын баардыгы бул иш-чарага активдүү катышты. Биз муну менен токтоп калбай, кийинки долбоорлорго дагы сөзсуз катышабыз.”
Бүгүн атайын спорттук машыгууларга арналган заманбап-аянтчалардын ачылыш аземи болуп, ага долбоордун демилгечилери, курулуш компаниялардын жана шаардык мэриянын өкүлдөрү катышышты. Бишкек шаарынын вице-мэри Р.Алиев мектеп окуучуларын жаңы аянтчалуу болушу менен куттуктап, акцияга жибердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Экологияга зыяндуулугу боюнча экинчи орунду ээлеген кооптуу калдык – бул батареялар. Анын зыяндуулугу тууралуу окуучуларга айтып гана тим болбостон, атайын акция өткөрүү менен алган билимдерин бышыктайлы дегенбиз. Жарым жыл мурда жарыяланган “Сенин Эко Зарядың” аттуу акцияга шаардын мектептеринин баары катышкан. Ал эми алардын ичинен эң активдүү болуп — №12, №66 жана №21 мектеп аныкталды. Ушундай акцияларга кийин да катышып, жеңишке жетише бериңиздер”.

Жеңүүчү деп табылган 3 мектепке жергиликтүү 3 курулуш компания тарабынан вокраут-аянтчалар салынып берилген. Алардын бири PARTNER компаниялар тобу. Аталган компаниянын тең-негиздөөчүсү Рафгат Хантимеровдун айтымында, воркаут-аянтчаларды салууда коопсуздук жана экологиялык өзгөчөлүктөр алдынкы орунда эске алынды.
“Бул демилгеге колдоо көрсөтүү сунушу берилгенде биз дароо макул болдук. Анткени баарыбыздын үйбүлөөбүз жана балдарыбыз бар. Алар үчүн экологиялык жактан таза жана коопсуз курулуш материалдарды колдонуп, воркат – аянтча салдык. Балдардын коопсуздугу жана саламаттагы баарыбыз үчүн маанилүү. Бул аянтчалар сапаттуу болгондуктан, мектепке көп жылдар бою кызмат кылат.”
Акцияны уюштуруучулардын айтымында билим берүү мекемелеринин катышуусунда айлана-чөйрөөнү сактоого арналган мындай ишчаралар кийинки жылдары дагы өткөрүп турмакчы.