7-октябрда Мугалимдердин кесиптик майрамы облустук деңгээлде салтанаттуу белгиленди.
Нарын шаарында М.Рыскулов атындагы Нарын облусутук академиялык музыкалуу дарама театырында , облустун бардык райондорунан, айылдарынан мугалимдер жана тарбиячылар чакырылып майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш чараны Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун башчысы Каныбек уулу Ардакбек ачып берди.

Андан соң сыйлоо аземине дубан башчы Нурбек Сатаров катышып, мугалимдерге куттуктоо сөзүн айтып, өлкөнүн келечеги түздөн-түз мугалимдерге байланыштуу экенин белгилеп, алардын эмгеги мамлекет тарабынан татыктуу бааланышы керектигин баса белгиледи жана мугалимдерге ардак грамоталарды тапшырды.


Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаровдун сөзү: “Мугалимдердин эмгеги мамлекеттик тарабынан татыктуу бааланып жатат. Мугалимдер тарбиялаган ар бир окуучу эртеңки элдин үмүтү. Демек өлкөнүн келечеги түздөн-түз мугалимдердин эмгегине байланыштуу. Мугалим-жөн гана кесип эмес, бул чон жоопкерчилик жана ыйык милдет. Ошондуктан мамлекет тарабынан билим берүү тармагына колдоого, мугалимдердин аброюн көтөрүүгө көп аракеттер көрүлүп жатат деп баса белгиледи.
Кийинки сыйлоо кезеги облустук усулдук билим берүү борборунун ардак грамоталары, усулдук билим берүү борборунун директору тарабынан алдыңкы мугалимдерге белектери менен тапшырылды.
Иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Нарын облусунун таланттары тарабынан ыр-күүлөр тартууланды. Ага “Музаман” тобунун солисти Алымкул Мамырбаев, ырчы Үмүтай Абдышева, М. Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын артисттери катышты.

