Кант шаарынын А.Тойтоев атындагы маданият үйүндө 5-октябрь мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада мугалимдерге куттуктоолор айтылып, грамота, сыйлыктар тапшырылды.
Ноокат районунун Т.Айбашев атындагы орто мектебинде карыялар күнүнө карата ардагерлер сыйланды. Жалпысынан 25 ардагер келип аларга концерттик кече уюштурулду.
Бүгүн Ак-Талаа районунда агартуучулардын кесиптик майрамына арналган салтанат өтүп, анда ийгиликтерге жетишкен бир катар мугалим, тарбиячы, китепканачылар сыйлыктарга ээ болушту.
«Соң-Көл» орто мектебинде жалпы 30 мугалим эмгектенет. Алардын көпчүлүгүн жаш мугалимдер түзөт. Ал эми 6-октябрь күнү окуучулардын уюштуруусу менен чакан концерттик номер тартууланды.
Төлөк айылында 1-октябрь «Карылар күнүнө», 5-октябрь «Мугалимдер күнүнө» карата Соң-Көл айыл өкмөтү тарабынан чакан концерттик номер даярдалган. Анда сый тамак уюштурулуп, мыктылар сыйланды.
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучулары мугалим эже-агайларга таңкы маанай тартуулашты.
Билим берүү мекемелеринде дистанттык окуу болуп жатканы баарына маалым. Бирок окуучулар «Мугалимдер күнүн» унутуп калбастан А.Аралбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчү классы мугалимдерине жагымдуу маанай тартуулашты.
Жолугушуу кечеге райондун 13 мектебинен келген мугалимдери, мектепке чейинки билим берүү уюмдары, райондук администрация өкүлдөрү, билим берүү бөлүмү, айыл өкмөт башчылары катышты. Мугалимдерди куттуктап, райондун акими А.Кожошов куттуктап, ишин …