Бүгүн Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучулары мугалим эже-агайларга таңкы маанай тартуулашты.
Мектептин босогосуна тизилген окуучулар музыканын коштоосунда келе жаткан ар бир мугалимди тосуп алып жатышты. Андан соң окуучулар тарабынан даярдалган ыр-бий тартууланып, кызыктуу оюндар ойнотулду.
Мектеп директору Астра Токтогулова мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле мугалимдерге сый-урмат көрсөтүп, таң эрте жагымдуу маанай тартуулган окуучуларга жамааттын атынан ыраазычылык билдирди.
Мугалимдердин кесиптик майрамына арналган иш-чара мектеп парламенти тарабынан даярдалды.
Акбар Кеңешбеков, Зарина Бейшеналиева