«Соң-Көл» орто мектебинде жалпы 30 мугалим эмгектенет. Алардын көпчүлүгүн жаш мугалимдер түзөт. Ал эми 6-октябрь күнү окуучулардын уюштуруусу менен чакан концерттик номер тартууланды.
Бул күнү окуучуларды үзүрлүү окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери үчүн мыкты мугалимдер мектептин, райондун, облустун ардак грамоталар менен сыйланды. Алардын катарында «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси да бар.
Хадижа Төлөбалдиева