Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынан айымдарынан 2 команда, мугалимдер болуп 3 команданын катышуусунда өткөрүлдү.Бул иш чара айылдык кеңештин депутаттары тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу айылдык кенешинин төрайымы Венера Эпээва билдирди.
Толугураак,видеодон көрүңүз:
“Биз зомбулукка каршыбыз” деген ураан менен болуп жатат. Азыркы учурда көп эле аялдар үйдө олтурат бала жана кунумдук көр оокат менен алек болууда. Анын сыңарындай ушунун кесепетинен психологиялык жабыркоого кабылгандар аз эмес.Мына ушул себептен бул иш чараны өткөрдүк”.
Табылгытыдан бир команда «лидер» командасы. Оюн кызуу өтту биринчи орунду айылдык команда ынтымак командасы алды.Экинчиси орунга Табылгытынын лидер командасы ал эми учунчу орунга мугалимдер командасы илинди. Биринчи орунга 2000 сом, экинчи орунга 1200сом, учунчу орунга 800 сом ыйгарылды”,-деди Венера Эпээва.
Мындай аялдар арасындагы фудбол биринчи жолу уюштурулду .Эркектер гана футбол ойнобойт аялдар мн эркектин укугу бирдей экенин далилидеген иш чаралар болуп турат деген ишенимдерин билдиришти.
Назгүл Шадыбекова