Ак-Талаа районунда учурда 90 жаш курактан өткөн 30 улгайган адам бар. Бүгүн райондун акими Жумадилла Жапаров 1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Баетов жана Терек айылдарындагы 90 жаштан өткөн улгайган адамдардын ден-соолугун сурап, ал-абалы менен таанышып, белектерин тапшырды.
Райондук администрциядан алынган маалыматка караганда башка айылдардагы улгайган адамдарга эртен барып, жеринен сый-урмат көрсөтүлөт.
Бүгүн Ак-Талаа районунда жашап жаткан улгайган адамдарга белектер даярдалып, аларды райондун акими Жумадилла Жапаров жеринде тапшырды. Алгач Баетов жана Терек айылдарындагы 90 жаштан ашкан беш адамдын жашоо-шарты, ден-соолугунан кабар алып, куттуктады.
Мындан сырткары Кош-Дөбө, Ак-Тал айылдарында улгайган адамдардын урматына сый урмат көрсөтүлдү.
Негизи 15-октябрга чейин бул күндү белгилөө, карыларга сый-урмат көрсөтүү өңдүү иш-чаралар уюштурулат.
Акбар Кеңешбеков