Ак-Талаа районунда “Таза мурас” улуттук өнөктүктү ишке ашыруу максатында иш-чаралардын мерчеми түзүлүп, көрсөтмөлөр берилген. Ага ылайык 17-сентябрда бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларда, билим берүү мекемелеринде, айыл өкмөттөрдө ишембилик өткөрүү белгиленген. Бирок ошол учурда чек арадагы кырдаалга байланыштуу ишембилик белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Мирлан Темирбек уулунун айтканына караганда “Таза мурас” улуттук өнөктүктүн алкагында менчигинин түрүнө карабастан ишембиликтер өтүп жатат.

Мекеме-ишканалар менчигинин түрүнө карабастан ишембилик жасоодо

8-октябрда район боюнча ишембилик өтөт

“Имараттардын айланасы тазаланып, таштандылар чыгарылды. Ошондой эле таштандыларды жана катуу калдыктарды туура эмес жерлерге төгүүнү көзөмөлдөө үчүн тиешелүү органдар менен бирге аракеттер жүрүп жатат. Таштанды полигондорун куруу үчүн жерлерди трансформациялоо жасалууда. Бул эки айлык өнөктүк болгондуктан 8-октярда ишембилик өткөрүлөт”,- дейт.
Барчын Мамытбекова