Чүй облусундагы Сокулук районунун мектептери арасында өткөрүлгөн предметтик олимпиадада орус тили сабагы боюнча Гүльсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу Бейшенбекова Раяна Рамизовна III орунду багындырып, мектеп жамааты үчүн сыймыктуу жетишкендик жаратты.

Аталган ийгиликке жетүүгө окуучуну даярдаган мугалим Бакыт Турсуналиев чоң салым кошкон. Бул жетишкендикке байланыштуу окуучу жана мугалим менен маек курдук.
Окуучу Раяна Бейшенбекованын айтымында, ал мектепте жакшы окууга жана ар кандай сынактарга катышууга дайыма аракет кылат. Олимпиадага катышуу идеясы орус тили сабагына болгон кызыгуусунан жана мугалиминин сунушунан кийин пайда болгон:
«Орус тилин өзгөчө жакшы көрөм. Бул тил аркылуу көптөгөн кызыктуу китептерди окууга жана адамдар менен эркин баарлашууга мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, Александр Пушкин сыяктуу улуу акындардын чыгармаларын түп нускасында окуу мага чоң ырахат тартуулайт, — дейт ал.
Анын айтымында, олимпиадага болжол менен эки ай даярданып, күн сайын орто эсеп менен 3–4 саат машыккан. Даярдык учурунда мугалими жана ата-энеси чоң колдоо көрсөтүшкөн:
«Олимпиада күнү бир аз толкундандым. Бирок өзүмө ишенип, колумдан келген аракетимди кылдым. Жыйынтык чыкканда абдан кубандым. Үчүнчү орунду алуу мен үчүн чоң жетишкендик болду», — деп белгиледи Раяна.

Ал ошондой эле өзүнүн ийгилигине чоң салым кошкон мугалими Бакыт Турсуналиевге жана билим алуусуна колдоо көрсөтүп жаткан ата-энесине, айрыкча атасы Ризиз Бейшенбековичке ыраазычылык билдирди.
Ал эми окуучуну даярдаган мугалим Бакыт Турсуналиев райондук олимпиада окуучулардын билим деңгээлин текшерген маанилүү сынак экенин белгиледи. Анын айтымында, олимпиада математика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, физика, химия, биология, тарых жана англис тили сыяктуу бир катар предметтер боюнча өткөрүлөт:
«Бул сынактын негизги максаты — окуучулардын билимин текшерүү жана таланттуу, жөндөмдүү окуучуларды аныктоо. Биринчи орунду алган окуучу кийинки этапта облустук олимпиадага жолдомо алат, — деди ал.
Мугалимдин айтымында, мектеп ичинде тандоо жүргүзүлгөндө эки окуучу жогорку балл алган. Бирок олимпиаданын тартибине ылайык бир гана окуучу катыша алгандыктан, райондук этапка Раяна тандалып алынган.
«Окуучуну олимпиадага даярдоо кадимки сабактан бир аз айырмаланат. Биз татаал тапшырмалар менен иштеп, мурунку жылдардын олимпиадалык суроолоруна өзгөчө көңүл бурабыз. Текст менен иштөө, грамматикалык талдоо жана жоопту так, далилдүү жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу абдан маанилүү, — деди Бакыт Турсуналиев.
Анын айтымында, машыгуулар жумасына 2–3 жолу өткөрүлөт. Ошондой эле окуучуларга убакытты туура пайдаланууну үйрөтүү да чоң роль ойнойт.
Белгилүү болгондой, Раяна былтыр да олимпиадага катышкан, бирок байгелүү орунга жете алган эмес. Быйыл болсо тыкыр даярдыктын жыйынтыгында III орунду камсыз кылды.
«Раяна — өтө тырышчаак, дилгир жана жоопкерчиликтүү окуучу. Мектебибиз мындай окуучубуз менен сыймыктанат» — деп кошумчалады мугалим.
Мындай жетишкендиктер окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, мектептин аброюн көтөрөт. Раяна Бейшенбекованын ийгилиги — мугалим менен окуучунун биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы болуп саналат.
Даярдаган: Аида Карыбекова