Балыкчы шаарында жаш өспүрүмдөр арасында суициддин алдын алуу максатында 3 айлык күчөтүлгөн иш-план бекитилип, анын алкагында ата-энелерге практикалык кеңештерди берүү боюнча лекциялар уюштурулууда.
Иш-чарага БИИ кызматкерлери, Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана адистери, мектеп психологдору, ошондой эле социалдык коргоо кызматкерлери катышты. Жолугушууда ата-энелер менен өспүрүмдөрдүн психологиялык абалы, алар менен туура баарлашуунун мааниси жана кыйын кырдаалда балдарга колдоо көрсөтүүнүн жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди.
Адистер ата-энелерге балдардын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө көңүл буруу, алар менен ачык сүйлөшүп, ишенимдүү мамиле түзүү маанилүү экенин белгилешти. Мындай түшүндүрүү иштери өспүрүмдөрдүн ички дүйнөсүн түшүнүүгө жана мүмкүн болгон коркунучтарды алдын ала байкоого жардам берери айтылды.
Равшан Селеева, Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси, ата-эне менен баланын ортосундагы ачык баарлашуу өспүрүмдөрдүн психологиялык коопсуздугун камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Мындай иш-чаралар өспүрүмдөр арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, ошондой эле ата-энелер менен мектептин ортосундагы кызматташууну бекемдөө максатында өткөрүлүүдө. Адистер түшүндүрүү иштери алдыдагы айларда дагы уланарын билдиришти.
Зубаржад Жалилова