Төлөк айылында 1-октябрь «Карылар күнүнө», 5-октябрь «Мугалимдер күнүнө» карата Соң-Көл айыл өкмөтү тарабынан чакан концерттик номер даярдалган. Анда сый тамак уюштурулуп, мыктылар сыйланды.
Соң-Көл айыл өкмөтүнүн демилгеси, айылдык кеңештин колдоосу менен Кең-Суу маданият үйүндө чакан концерт даярдалып, анын официалдуу бөлүгүндө Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошев, биринчи орун басары Чынара Табылдиева, Кочкор маданият үйүнүн кызматкери Жазгүл Өзүбекова сөз сүйлөп, мыктыларды аныктап, ардак громата менен бир нече инсандарды сыйлашты.

Алгачкы бөлүктү айыл өкмөт башчысы Сүйүндүк Табылдиев ачып берди

Кочкор районунун акими жана биринчи орун басары мыктыларды сыйлоодо

Ардак грамоталар менен кошо баалуу белектер да тапшырылды

Мугалим Шайымбек кызы Индира мыктылардын бири

Ар бир эмгек бааланды

Таланттуу балдар өнөрлөрүн көрсөтүштү

Мыкты комузчулар: Наима Абдиева, Бегимай Русланова

Кочкор райондук маданият үйүнүн кызматкери Жазгүл Өзүбекова куттуктоо сөзүн сүйлөдү

Ардактуу карыларга чакан белектер берилди
Камила Эркинбек, Адеми Ишенбекова