«Жылдын мыкты мугалими» республикалык сынагынын жыйынтыгында 1-орунду Ош шаарындагы кыргыз-түрк «Достук» лицейинин окутуучусу Нурсултан Акылбек уулу жеңип алды. Ал ийгиликке жетүүсүндө бирге иштеген жамааттынын, устаттарынын жана методисттин орду чоң болгонун белгилейт.

Мугалимдин үй-бүлөсүндө өсүп чоңойгон Нурсултан Акылбек уулу студент кезинен тарта иштеп баштаганын айтат. Ийгиликке жетүүдө мыкты методисттин жардамы чоң болгон:
“5-октябрь эле эмес балдар менен болгон ар бир күн майрам. Менин мугалимдик кесипти аркалап калышыма ата-энемдин ролу чоң. Андан сырткары мугалимдерим дагы көп салымдарын кошушкан. Жогорку окуу жайында окуп жаткан Гүлиза деген мугалимим окуучуларды ЖРТга даярдоочу окуу борорунда мугалим болууну сунушутаган ошондо дагы бул кесипке болгон сүйүүм күчөдү. Андан кийин мектепкке келип ишке кирдим. Балдарды көрүп кетким келбей калды. Биринчиден мени кармаган балдар болсо, экинчи жагынан бирге иштеген мыкты жамааттым. Дамира Аскеровна жаш мугалимдер абдан жакшы шарттарды түзүп берген, күчтүү, тажрыйбалуу адистерди алып келип бизге семинарларды уюштуруп берет ошонун негизинде биз ийгиликтерге жетип отурабыз.”

«Балдар менин бар байлыгым, мол бактым
Балдар менен өткөн өмүр гүл өмүр
Саламатпы агай деген сөз үчүн
Мен мектептен кетким келбейт бир өмүр.»

ОШМУнун ага окутуучусу Асылкан Маматова: “Чыныгы мугалим жаралган көйгөйдү окуучудан издебеш керек. Ошол көйгөйдү чече билиш керек”-деген сөзү мени ушул кесипти сүйүүгө түрттү десем болот. Ушул эле Жылдын мыкты мугалими наамын былтыр менин кесиптешим Илгиз Шамырзаев агайым алган. Ал агайдын дагы жардамы чоң болду, былтыр дагы бирге журдүм эле.

“Ош шаардык билим берүү башкармалыгы шаарда 1-орунду алганда автоунаа белек кылды. Ал дагы магы шык берди. Демек, мени шаардыктар, мугалимдер, коомчулук карап турат деп тынымсыз эмгектенип, изденип отуруп насаатчы мугалимдердин артында ийгиликке жетип отурам.”
Математика мугалими Нурсултан Акылбек уулу балдар менден алган билимди теорияда эмес турмуш математикасында пайдаланып кетсе деген ураан девиз менен иштеп келерин айтат:
“Бул сынакта мен математиканы турмушка багыттап окутканым алдыга сүйрөп кетти. Бардыгы элек илим изилдеп математик болуп кетпейт. Мен окуучуларым теорияны эмес жашоодогу математиканы өздөштүрүшүн каалайм.”

“Дарыгердин катасы бир адамдын өмүрүнө коркунуч туудурса, мугалимдин катасы бүтүндөй коомчулуктун өмүрүнө доо кетирет. Андыктан мугалим болууну каалагандар бул чоң жоопкерчиликти сезе билиш керек.”
Эске сала кетсек, бүгүн 5-октябрь Билим берүү кызматкерлеринин күнү. Ал 1994-жылдан бери дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекетинде Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү катары майрамдалып келет. Бул күн мугалимдердин жана билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип, алардын билим берүүгө жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы даңазаланат. Жыл сайын бул күн белгилүү бир теманын алкагында өтөт бул жылы болсо, БУУ ата-энелерди деги эле жалпы жарандарды бир азга кайсы мгалим алардын жашоосун кандайча өзгөрткөнүн ой жүгүртүүгө чакырат
Айгерим Кубатбекова