Мугалимдик – жөн гана кесип эмес, бул баланын жүрөгүнө жол табуу өнөрү. Бүгүнкү күндө бала менен терең байланыш түзүү, ишенимге ээ болуу, сабактан тышкары да аны ишке ашыруу үчүн мугалимдин эң негизги куралдарынын бири болуп калды. Окуучулар менен ийгиликтүү тил табышуунун сырлары тууралуу Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы № 102 орто мектебинин башталгыч класс мугалими Санам Жумашева жана Кыргыз тили мугалими Мунира Бейшебаева айттып беришти.
Ишеним жана коопсуздук – ийгиликтин ачкычы
-“Бала менен мамиле түзүүдө ортодо ишеним жана коопсуздук болушу керек. Ар бир бала – өзүнчө аалам. Бала агрессивдүү же тентек болушу мүмкүн, бирок мугалим аны кандай болсо ошол бойдон кабыл алып, жүрөгү менен сүйө билсе гана ишеним жаралат.Муну өз тажырыйбасынан улам далилдеп берди. “Жарыкты ойлоп тапкан Томас Эдисондун апасынын ыкмасын колдондум”, – дейт Мунира Бейшебаева. «Окуучум жазуудан начар болчу, бирок мен ата-энесине «уулуңузду асмандагы жылдызга теңейм» деп кат жаздым. Анан ата-эне да жооп кат менен колдоо көрсөттү. Бул ыкма аркылуу мугалим менен окуучунун, ошондой эле ата-эне менен мектептин ортосундагы байланыш бекемделди. Баланын өзүнө болгон ишеними артты, сабакка кызыгуусу ойгонду. Ар бир окуучунун жөндөмү, артыкчылыгы болот биз ал аркылуу билимге кызыктырып кетишибиз керек. Бизде көпчүлүк учурда балдардын жетишпеген сабактарына же жакшы өздөштүрө албай жаткан жерине көбүрөөк басым кылып анын күчтүү жагын андан ары өркүндөтүүнү ойлонбой калабыз.
“Кыйкырып урушпаңызчы…” – окуучунун калыс сын-пикири
Башталгыч класстарда балдар менен жакын байланыш түзүүнүн дагы бир үлгүсүн Санам Жумашева айтып берди. Ал бир жолу 4-класстын окуучуларынан “Эмне кылышымды каалайсыңар, эмне кылышымды каалабайсыңар?” — деген суроо менен калыс пикир сураган.
“Бир окуучум жазыптыр: ‘Сиз жакшы эжейсиз, сабакты жакшы өтөсүз. Бирок эми 1-класс алсаңыз кыйкырып урушпаңызчы…’ деп кат жазган. Бул жөнөкөй, бирок таасирдүү пикир Санам Жумашева үчүн чоң сабак болгонун жана муну жүрөгүнө жакын кабыл алып, кийинки окуучуларына жумшак мамиле кылууга аракет кыла баштаганын билдирди.
Кат аркылуу жүрөккө жетүү
Муну менен катар, “Ата-энеге кат” улам дагы жемишин берип жатат. Мунира Бейшебаева ар бир баланы предмет аркылуу гана эмес, сөз аркылуу да жандандыра билүүгө аракет кылат. Адабиятчы жана кыргыз тилчи катары өзүнүн эң башкы максаты балдардын кат сабаттын жоюп, сүйлөө аркылуу чыгаруу деп билет. Ортодо ата-эне менен болгон байланышты кат аркылуу бекемдегенин да баса белгилейт.
Жакшылык чынчырчасы.
“Азыркы балдардын эмоциялык акыбалы туруксуз болуп калды”, – дейт Санам Жумашева. Чыныгы мамиле жана көңүл буруу болбосо, бала мектептен алыстайт. Жана азыр балдар жакшылык деген нерсени жакшы түшүнбөй жатканына капа. Жакшылыкты тушүндүрүү максатында окуу жылынын башында “Жакшылык чынчырчасы”- деген эстафетаны баштаган. Бул оюнда ким-кимге жакшылык кылганын же өзү кимге кылганын же болбосо ага ким жакшылык кылганын дептерге жазат. Мындай ыкма аркылуу балдар бири-бирине көңүл бурууну, боорукер болууну, жардам берүүнү үйрөнүшөт.
Балдарды сүйүү – аларды түшүнүүдөн башталат. Ишенимдүү мамиле гана окуучунун потенциалын ачып, ийгиликке жеткирери айкын. Ар бир бала – жылдыз, ал жаркырап чыгыш үчүн, ага жөн гана жүрөк керек. Бул жүрөктүн жылуулугу – мугалимдин сөзүндө, көз карашында, мамилесинде билинет. Эгер бала өзүн коопсуз, бааланган чөйрөдө сезсе, ал сөзсүз түрдө ачылат. Мугалимдин сүйүүсү менен ишеними – баланын канатындай: канаты сынса – көтөрүлө албайт, бирок сүйүү менен колдосоң, ал бала бийиктерге чейин уча алат.
Маекти толук шилтемени басып көрүңүз:
Айпери Марлесова, Айгерим Кубатбекова